Кыргызстандагы алгачкы унаа заводу менен Туманбаевдин кандай байланышы бар? Temirov Live’дын иликтөөсү

Temirov Live басылмасы Кыргызстандагы алгачкы унаа заводунун артында кимдер турганы тууралуу жаңы иликтөө жарыялады — анда президенттин Иш башкармалыгы кайра-кайра айтылат. Мекеменин өзү гана эмес, жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси жөнүндө сөз болот.

Заводдун курулушуна 2024-жылы президент Садыр Жапаров өзү капсула салган. Президенттин администрациясынан анда баасы 115 млн доллар турган заводду «жергиликтүү ишканалар кытай компаниясы менен» биргеликте курарын билдиришкен, бирок мекеме тараткан пресс-релизде так маалымат жок болчу.

Журналист Болот Темиров Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын бирдиктүү реестринен алынган маалыматка таянып, автоунаа заводу курула турчу жер тилкеси мамлекетке караштуу экенин айтып чыкты. Капсула салынганга чейин, жер участкасын тескөө укугу Каныбек Туманбаев башкарган президенттин Иш башкармалыгына берилген.

Капсула түшкөн күндүн эртеси, «Кытай-Кыргыз биргелешкен автоунаа өндүрүүчү “Жису” компаниясы» негизделген. Дал ушул компанияга, арадан төрт ай өткөн соң, завод куруу пландалган жер тилкесин пайдалануу укугу берилген.

Президенттин Иш башкармалыгынын бул окуядагы байланышы завод курулуучу жер тилке менен эле бүтпөйт. Мекеме — «Жису» компаниясынын үч негиздөөчүсүнүн бири. Калган экөө — «Модуль Хаус» жана «Хубэй Цзису Инвестиция».

«Модуль Хаус» компаниясын эки кыргызстандык жетектейт. Биири биз буга чейин журналисттик иликтөөлөрдө атын угуп жүргөн рэп-ырчысы Эламан Токтобеков. Музыкант президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досу. Экинчиси — Жыпаргүл Базарбаева, Каныбек Туманбаевдин бир тууган эжеси.

Бул көрүнүш Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө мыйзамга каршы келет. Аткаминерлерге жеке кызыкчылыктарын эске алып, үй-бүлө мүчөлөрү менен келишим түзүүгө тыюу салынат. Бирок Туманбаев жетектеген Иш башкармалык бир тууган эжесине таандык компанияны заводдун курулушуна аралаштырган.

Андан тышкары, жогорку кызмат адамдары чет элдин жараны болбошу керек. Бирок Туманбаев өзү, эжеси дагы орус жарандыгын алышкан.

«Биз мурда мамлекеттик долбоорлордо президенттин айланасындагы адамдар жалданмачы болгонун айтып келгенбиз. Бул жерде схема башкача. Мамлекеттик мекеме өзү ошол чөйрөнүн кишилерине кошулуп, компаниянын тең негиздөөчүсү болгон», — деп түшүндүрөт Темиров.

Иликтөөчү журналисттер инвесторго дагы токтоло кетишкен. Расмий инвестор Hubei Zhuoyue, бирок минюсттун маалыматында «Хубэй Цзису Инвестициянын» аты аталган. Болот Темиров кытайлык компаниялардын реестринен мындай аталыштагы фирманы таба алган эмес.

«Мамлекеттик жерди пайдалануу укугу “Жисуга” кандай шартта берилди? Жеке өнөктөштү тандоодо конкурс жарыяланганбы? Эмнеге “Модуль Хаус”? Жана "Хубэй Цзису Инвестиция" деген кимдер?», — деп суроо салат Болот Темиров.