Кыргызстандын ИИМи саясий блогер, «Эр-Сыргак» Youtube-каналынын автору Сыргак Кенжебаев кармалганын маалымдады. Акыркы айларда Кенжебаев бийликти сындап, президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров менен кызматташып жүргөнүн жарыялаган. Анын айтымында, Сабыр Жапаров баласы экөө «офис» ачып алып, өлкөдөгү «саясий иштерге» аралашып, бажы кызматын көзөмөлдөшөт.
ИИМ эмне дейт?
ИИМ Кенжебаевди массалык башаламандыктарга чакырык жасоого жана алдамчылыкка шектеп жатат. Маалыматта шектүү М.Н. аттуу аялдан 150 миң долларын биргелешип ишкерлик кылабыз деген шылтоо менен алып, алдап кеткени айтылат. Мындан улам ага издөө жарыяланган. Мекеме Кенжебаев кылмыш жоопкерчилигинен качып жашынып жүргөнүн жана «чагымчыл материалдарды» таркатканын баса белгилейт. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал массалык башаламандыктарга чакырып, андан соң бийликти күч менен басып алууну максат кылган.
Буга чейин да чет өлкөдө кармоо аракети болгон
Кенжебаев чет өлкөдө жүргөндө кармоо жана Кыргызстанга алып кетүү аракеттери буга чейин да болгон. Анын ишинде тергөөнүн айыптары менен катар, саясий дагы себептер болушу мүмкүн. Ушул тапта ал бийликке сын айтып, өзүн Садыр Жапаровго оппозиция деп жарыялап жүргөн.
Мурдарак, 31-августта аны Камбоджада кармашка аракет кылышканын өзү айтып чыккан. Анда Кенжебаев кармоого ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Улан Айтбаев өзү келгенин, беш жолтандабас менен жергиликтүү полиция, атайын кызматтын өкүлдөрү жана консулдуктун кызматкерлери коштоп жүргөнүн белгилеген болчу.
Сыргак Кенжебаев — экс-ишкер, убагында «Юнилаб» бажы терминалын ачкан. Бирок кийин ошол кезде бажыны көзөмөлдөгөн Райымбек Матраимовдун кишилери терминалды алып коюшкан. Кенжебаев куугунтукка кабылып, аны Алматыдан кармап Кыргызстанга алып келишкен.
Кенжебаев Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин эркиндикке чыккан. Блогердин өзүнүн айтымында, ал жаны бийлик менен кызматташууга да аракет кылган. 2026-жылы жайында ал оппозицияга кетип, президенттин туугандарынын саясатка жана бажыга таасири тууралуу видеолорду жарыялай баштаган. Анын билдирүүлөрүнөн кийин президент Жапаров эл алдында Кенжебаевди сынга алган. Өлкө башчысы бир туугандары мамлекеттин ресурстарын жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөгөн.





