«Шумкар» оппозициялык кыймылынын ишмердиги экстремисттик деп табылды

Кыргызстандын бийлиги жакында эле Вьетнамда кармалып өлкөгө жеткирилген саясий блогер Сыргак Кенжебаев, эколог Самат Кушбек, саясий аналитик Айдар Раев жана «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк мүчө болгон «уюмдун ишмердүүлүгүн» экстремисттик деп тапты.

Мурда жогоруда аты аталгандар «Шумкар» аттуу кыймылга биригип, өздөрүн азыркы бийлик менен Садыр Жапаровдун оппоненттери деп жарыялашкан болчу.

«Шумкардын» мүчөлөрү экстремист деп жарыяланган жок — ушул уюмдун жана Бөлтүрүк, Раев, Кушбек жана Кенжебаев мүчө болгон бардык башка уюмдардын ишмердүүлүгү гана таанылды. Тагырак айтканда, булардын кандай гана ишмердиги болбосун, мисалы байпак чыгарган ишканасы болсо деле Кыргызстан аларды экстремисттик деп эсептейт.

Буга чейин кыргыз бийлиги Сыргак Кенжебаевди Вьетнамдан кармап келген — ал массалык башаламандыктарга чакырык жасоого жана алдамчылыкка шектелип жатат. Сот Кенжебаевди бир ай ТИЗОго камаган.

«Шумкардын» мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн экстремисттик деп таануу боюнча чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 2026-жылдын 12-октябрында — ИИМ Кенжебаев кармалганын жарыялагандан бир күн мурда чыгарды. Ушул эле сот, бир жыл мурда, 2025-жылдын 27-октябрында «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшиндин жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишмердүүлүгүн, ошондой эле булар негиздеген басылмалардын ишмердигин экстремисттик деп тапкан.

Бул Кыргызстандын тарыхында ЖМКнын материалдары экстремисттик деп табылган алгачкы учур болгон.

Журналисттердин ишинде чечүүчү далил катары Республикалык психиатрия жана наркология борборунун эксперттери менен соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу — саясий иштерде, активист, журналист жана укук коргоочуларды куугунтуктоонун негизги куралы колдонулган.

Эксперттер анализдеген жана акырында сот экстремисттик деп тапкан конкреттүү материалдар өкүмдө көрсөтүлгөн эмес. Бул кайсы материалдар экенин билүү дагы мүмкүн эмес. Анткени материалдар жүктөлгөн дискти тешип коюшкан, ал эми документтер сакталган флешка жоголуп кеткен.

Соттун чечиминде эксперттер кайсы материалды анализдегени да айтылбайт, бирок алар «бийликти дискредитациялаган, дегеле мамлекеттин жана бийликтин негативдүү образын жайылтууга багытталган экстремисттик ишмердүүлүктүн, маалыматтык экстремизм сыяктуу белгилерин» тапканы баса белгиленген.

«Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамда» «маалыматтык экстремизм» деген түшүнүк жок.