Бишкектеги медиктерди жетекчилери паспорт чогултууга мажбурлап жатканы айтылды

Иллюстративдик сүрөт

Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева Бишкек шаарындагы Жал микрорайонундагы ооруканалардын биринде эмгектенген таанышы паспортун шайлоого карата сурагандыгы тууралуу фейсбукта 7-сентябрда пост жарыялады. Таанышы Шайдуллаевага медиктерге оорукананын директору 10 кишинин паспортун чогултуп келүү тууралуу буйрук бергенин айтып берген.

«Достор, унчукпай коюуга болбойт, азыр эле Жалдагы ооруканада иштеген бир таанышыбыз чалды, директору ар бириң 10 кишиден таап келгиле дептир. Бул эмне дегендик! Биз ар кимибиз өзүбүз каалаган партияга добуш беришибиз керек. Келгиле, ушундай паспорт чогултмайларга чогуу каршы бололу, дагы ким ушундай акыбалга кабылып атат?» — деп Шайдуллаева суроо салды .

Жал микрорайонунда Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор жайгашкан.

Ошондой эле, Шайдуллаеванын постуна интернет колдонуучулар «Туура. Каршы туралы! Алыскы Лейлек районунда да паспорт чогултуу операциясы кызуу жүрүп жатыптыр...», «Эми угуп атасыздарбы? Мамлекеттик жумушта иштегендин баарына “кызылдай эле” салык салып жатышат» деген пикирлерди калтырышкан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 7-сентябрда ооруканалардын жетекчилерине жыйын өткөрүлүп, аларга атайын эскертүү берилгендигин билдирди.

«Жыйында министр [Сабиржан Абдикаримов] баарына “Биздин жумуш саясат эмес, оорулууларды дарылоо болот. Андан көрө күзүндө, кышында болуучу сасык тумоо менен күрөшүүгө даярдангыла. Эгер жетекчилердин шайлоого байланыштуу мыйзамсыз иштери ачыкталса, тийиштүү чаралар көрүлөт” деп айткан», — деди ССМдин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Ошондой эле, ал административдик ресурсту колдонгон жетекчилердин аракети тастыкталса тийиштүү органдар да чара көрөрүн кошумчалады.

Материал жарык көрөр алдында Шайдуллаеванын посту тууралуу ИИМден комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 2-сентябрда өткөн парламенттик жыйында шайлоодо административдик ресурс пайдаланылып жаткандыгын билдирген. Анын айтымында, ага борбор калаада эмгектенген дарыгерлер кайрылышкан.

«Биз бир ай мурун пандемиядан алып чыккандыгы үчүн врачтарды баатырга теңегенбиз. Ал эми бүгүн аларды кайра кордоп жатабыз. Мага Бишкек шаарындагы балдар ооруканасынан ондогон врачтар келди. Аларды паспорт таап келип, №2 формасы менен каттоого коёсуңар деп жатышыптыр», — деген ал өз сөзүндө.

Акаев ошондой эле, административдик ресурсту колдонгон жетекчилер айып пулга жыгылып, алтургай кызматтан алына тургандыгын кошумчалаган. Бирок, факт жоктугунан бир да адам жоопко тартылбаганын белгилеген.