Парламенттик шайлоого катышууга аттанган дээрлик бардык партиялар Борбордук шайлоо комиссиясы менен УКМКга №2 формасы боюнча каттоого байланыштуу маселени кароону талап кылып кайрылышты.
Кайрылууга 12 партия кол койгон: «Республика», «Реформа», «Бир Бол», «Социал-демократтар», «Чоң казат», «Мекен Ынтымагы», Ооган согушунун ардагерлеринин партиясы, «Мекенчил», «Ордо», «Ыйман Нуру», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата Мекен».
Кайрылууга ылайык, «айрым абийирсиз партиялар» мыйзамдын ченемдерин пайдаланып, шайлоочуларды жапырт сатып алып, №2 формасы боюнча бардык участкаларда каттап жатат.
«Буга далилдер ММКда да бар, муну активисттер да, байкоочулар да каттап атышат. №2 формасы боюнча жапырт орун которууларды тыкыр текшерүү керектигин президент да айткан. Ал Коопсуздук кеңешке ар бир фактты кароону тапшырган», — деп белгилешти партиялар.
Кайрылууда бузуулардын мисалы катары фактылар келтирилет. 18-августтан 8-сентябрга чейин шайлоочулар №2 формасы боюнча тогуз участокто массалык түрдө катталган. №1063 участогунда 1400 шайлоочу, ал эми №1064 участогунда 1600дөн ашуун шайлоочу.
№1048 участогунда бир күндө №2 формасы боюнча 251 шайлоочу катталган. Алардын документтери расмий иш күнү саат 18:00дө аяктаарына карабай кечки саат 20:00дөн кийин кабыл алынган.
Партиялар БШКдан форманын катталуусу тууралуу маалыматтарды ар бир күн боюнча жана 26-июлдан 20-сентябрга чейин ар бир участок боюнча кылып жол-жоболоштурууну суранышууда. Алар ошондой эле УКМКдан бул маселеге көңүл бурууну өтүнүшүүдө, анткени «аракеттердин баары шайлоонун адилеттүүлүгүнө, атаандаштыгына, теңдигине жана аныктыгына дал келбейт».
Кайрылууга «Замандаш», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары кошулуп кол коюшкан эмес. Аталган партиялардын акыркы үчөөсү бир далай жолу шайлоочулардын добуш берүү даректерин алмаштыруу жана сатып алууга байланыштуу чууларда аттары чыккан.
«Мекеним Кыргызстан», бул Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Искендер Матраимов аркылуу Матраимовдордун кланы менен байланыштуу партия. Искендер Матраимов өзү да бул партиядан шайлоого талапкер. «Биримдик» бийликке байланыштуу — андан шайлоого президенттин иниси Асылбек Жээнбеков бара жатат.
17-сентябрга карата маалыматтар боюнча, №2 формасы боюнча добуш бере турган шайлоочулардын саны 315 миң адамга чейин өскөн. Ошол эле учурда, №2 формасы боюнча шайлай тургандардын саны 13-сентябрда эле 253 миң адамды түзгөн, демек, төрт күндүн ичинде алардын саны дагы 62 миңге өскөн.
Мындан тышкары, Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо» барагында билдиргендей, Бишкекте эле №2 формасы боюнча 128 миң адам каттоодон өткөн.
14-сентябрга карата, шайлоочулардын тизмесинде алдын ала 3,4 млн шайлоочу бар болчу, алардын ичинен 444 миң адамдын көбү Бишкекте.
№2 формасы
Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрына парламенттик шайлоо дайындалган. Шайлоочулар 19-сентябрга чецин башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 форма аркылуу добуш берүү участокторун которо алышкан. Ал үчүн шайлоочу жеке өзү участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек болгон.
Мыйзам боюнча эч ким адамдардын паспортун чогултуп, аларды шайлоо участогуна каттата албайт.
Шайлоочулар партиялардын үгүтчүлөрү алардын паспортторун чогултуп, кийин башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 формасы боюнча катталууну суранып атышканын байма-бай айтып келишет. Бул үчүн аларга акча сунушташат — адатта дароо миң сом, шайлоодон кийин дагы миң сом. Бирок айрымдарын жумуштан алуу коркутуулары менен каттоого мажбурлашууда — мындай ыкмалар акыркы президенттик шайлоодо да колдонулган.
БШКдагылар шайлоо дареги адамдын бармак тагы алынып, жүзүнүн параметрлери идентификациядан өткөндөн кийин гана алмаштырылат деп ишендиришүүдө. Бирок жарандык активисттер №2 форма аркылуу каттоого тургузуу добуш сатып алуу үчүн колдонулуп атканын айтышууда. Партиялар аймактардагы шайлоочуларды шаардагы участокторго аймактар, Бишкек жана Ош үчүн коюлган 0,7%дык босогодон өтүш үчүн каттатышууда.
ТЕМА БОЮНЧА: №2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда?