Күндүн саны: Бишкекте №2 формасы боюнча 128 миң адам катталды

Бобордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо» барагында Бишкекте №2 формасы боюнча 128 миң адам каттоодон өткөнүн кабарлады.

Бишкек по форме 2 уже 128 000 избирателей

Posted by Ачык шайлоо KG on Thursday, September 17, 2020

Буга кошумча Абдрахматова 17-сентябрга карата өлкө боюнча 315 миң адам №2 форма боюнча каттоодон өткөнүн билдирди.

8-сентябрга карата каттоодон өткөндөрдүн саны 188 миң болчу.

№2 форма шайлоочуларга добуш берүү участокторун алмаштырууга мүмкүндүк берет. Ал үчүн шайлоочу добуш бергиси келген участокко барып арыз тапшырышы керек.

Буга чейин Абдрахматова Бишкекте жеке өзү бир нече шайлоо участкасын кыдырып, бузуу болуп-болбогонун текшерген.

«Бүт өлкө боюнча шайлоочулардын тизмеси текшерилиши керек. [...] Ал тургай алдын ала текшерүү да шайлоонун “үзгүлтүккө учуроо” тобокели бар экенин көрсөтүп турат», — деди ал текшерүү учурунда.

Анда ал участоктордо адамдарды №2 формасы боюнча жапырт каттоо болуп атканын аныктаган. Абдрахматова бул учур партиялар шайлоочуларды участокторго ташып келип атканын, анын ичинде аларды өз пайдасына добуш бердиртиш үчүн админресурс колдонуп, жарандарды сатып алып жатканын айгинелээрин кошумчалаган.

Үгүт иштери башталгандан тарта күбөлөр ар кайсы партиялардын үгүтчүлөрү алардын паспортторун чогултуп, кийин башка райондо же аймакта шайлашы үчүн №2 формасы боюнча катталууну суранып жатканын барган сайын көп айтып чыгышууда. Бирок, мыйзам боюнча, адамдардан паспортторун чогултуп, алардын катышуусу жок шайлоо участкасына каттоого тыюу салынган.

Адатта үгүтчүлөр шайлоочуларга №2 формасы боюнча шайлоону, аны менен бирге бир миңден беш миң сомго чейин сунушташат, бул добуштарды сатып алуу жана сатуу болуп саналат.

БШКдагылар шайлоо дареги адамдын бармак тагы алынып, жүзүнүн параметрлери идентификациядан өткөндөн кийин гана алмаштырылат деп ишендиришүүдө.

Бирок жарандык активисттер №2 форма аркылуу каттоого тургузуу добуш сатып алуу үчүн колдонулуп атканын айтышууда. Партиялар аймактардагы шайлоочуларды шаардагы участокторго аймактар, Бишкек жана Ош үчүн коюлган 0,7%дык босогодон өтүш үчүн каттатышууда.

ТЕМА БОЮНЧА: №2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда?