ИИМ Мээрбек Мискенбаев жана Рустам Ибраимовду кармады. Алар ТИЗО-1ге кайтарылат

ИИМдин басма сөз кызматы 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыктардын убагында ТИЗО-1ден качкан абактагылардын дагы экөөсү кармалганын билдирди. Биринчиси, парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДПнын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев жана экинчиси Жогорку сотко караштуу сот департаментинин мурдагы директору Рустам Ибраимов.

Эми алар, абактан качуудан сырткары, Ала-Тоо аянтында башаламандыктарды уюштурууга да айыпталышы мүмкүн: «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча иш козголгон. Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын жансакчылары Канат Сагымбаев жана Дамир Муксакеев, Атамбаевдин жакын тарапкерлеринин бири Темирлан Султанбеков кармалган.

Массалык башаламандыктар иши боюнча ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов жана президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да кармалды. Ниязов кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Мындан тышкары, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков да бул иш боюнча УКМКга суракка чакырылып, бирок андан кийин ал кармалганы тууралуу маалымат пайда болгон. Анткен менен УКМК муну расмий бышыктай элек.

Мискенбаев жана Ибраимов дегендер ким?

Мээрбек Мискенбаев — КСДПнын Сооронбай Жээнбековго карата оппозицияга кеткен мүчөлөрүнүн бири. Ал апрель революциясынын баатырларынын «Айкөл Ала-Тоо» кыймылын жетектеп, өлкө кайрадан үй-бүлөлүк-кландык башкаруу жолуна түштү деген билдирүүлөрдү айтып жүргөн.

Мискенбаев, президенттин иниси Асылбек Жээнбековду эгер агасы президенттик тактыга келсе депутаттык мандатын тапшырууга чакырган. Бул сөзүндө ал Аылбек Жээнбековдун саясатка аралашпайм деген убадасын келтирген. Көп өтпөй эле Мискенбаевге алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал бул кылмыш ишин саясий деп атаган.

2019-жылы августта Кой-Таш окуясы болгон учурда Мискенбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жанында болгон. Атамбаев жана анын тарапкерлери кармалгандан кийин Мискенбаевге 2019-жылдын 7-августунда адамдарды барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу боюнча шектелип аткандыгы тууралуу кабарлама тапшырылган.

2019-жылдын декабрында анын баш коргоо чарасы каралып, ТИЗО-1ге камакка алынган. Көп өтпөй Мискенбаевдин жакындарынын мүлкү камакка алынган: Мискенбаевдин өзүнө тиешелүү мүлкү болгон эмес.

Ал эми Рустам Ибраимовдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлерине карата эч кандай тиешеси жок. 2020-жылдын башында УКМКнын антикоррупциялык кызматы опузалап акча алуу жана коррупция боюнча шек менен Жогорку сотко караштуу сот департаментинин мурдагы директорун кармаган.

Тергөөнүн жоромолунда, Ибраимов шериктери менен биргеликте ишкерден ири суммадагы пара талап кылган. Анын орлуна ишкерге Биринчи май райондук сотунун жана Жогорку сотко караштуу сот департаменинин имараттарын оңдоп-түзөөгө тендерди алып берүү убадасы берилген.