«Балким менин өлүмүм бир нерсени өзгөртөөр?» — Султанбеков ачкачылык жарыялады

«Массалык башаламандыктарды уюштуруу» кылмыш иши боюнча күбө катары кармалган «Социал демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков 11-октябрда кыргызстандыктарга кат аркылуу кайрылуу жолдоду. Анда ал аны «коркутуп» жатышканын айтып, ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Анын айтымында, ал Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилгенде аны конвоир «Матраимовдордукундай кыйноолор менен коркуткан». Ал эми тергөөчү «эч нерсени чече албасын, ал жөн гана тергөөчү» экенин айткан.

«Азыркыга чейин мени эмне үчүн кармашканын өздөрү да түшүнбөй жатышат. Бир сутка мурда мен ачкачылык жарыялагам, чыдап жатам, бирок чындыгында табитим да жок. Балким менин өлүмүм бир нерсени өзгөртөөр? Менин эч кандай күнөөм жок, мени бийликти ачык, чындыкты айтып сындаганым үчүн гана отургузушту!» — деп жазган Султанбеков.

Султанбеков 10-октябрда Кой-Таштан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев менен биргеликте кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 48 саатка камалган. Анын иши бүгүн 12-октябрда, саат 17.00дө Биринчи май райондук сотунда каралат.

Ошондой эле массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон иштин алкагында Алмазбек Атамбаев, дагы бир жансакчысы Дамир Мусакеев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Айрым саясатчылар, жарандык активисттер жана жарандар соцтармактарда Темирлан Султанбековго колдоо көрсөтүп, аны бошотууну талап кылышууда. Алар Султанбековду «мыкты кадр катары баалап, бийликтин иш-аракетине нараазы» болуп жатышат.

Султанбеков шайлоо алдындагы дебаттарда активдүү болуп, өзүнүн оппоненттерине бир катар «ыңгайсыз суроолорду» берген. Айрыкча ал Матраимовдордун партиясы делген «Мекеним Кыргызстанды» «уурулардын партиясы» деп атап, бийликчил делген «Биримдикти» жана президент Сооронбай Жээнбековду сындап келген.

«Кыргызстанда чындык жок». Соцтармактарда Султанбековду бошотууну талап кылышууда