УКМК: Курсан Асанов «массалык башаламандыктарды уюштуруу» иши боюнча кармалды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 10-октябрда кабарлады. Азырынча Асановдун статусу так айтыла элек.

Курсан Асанов лөлү кармалды !

Posted by Дарика Муратова on Saturday, October 10, 2020

9-октябрда өкмөт башчысы болуп дайындалган Садыр Жапаров менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчы Өмүрбек Бабановдун тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыккан.

УКМК жана Ички иштер министрилиги тарабынан ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул фактынын алкагында сотко чейинки өндүрүш ачылып, кылмышка тиешеси бар кишилер изделүүдө.

«Ала Тоо» аянтындагы митинг

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбаек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышкан. Алардын катарына уюшкан кылмыштуулукка каршы марштын катышуучулары келип кошулган. Алардын арасында «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев да болгон.

Бишкекте өткөн митингдер кагылышуу менен аяктады

Бүгүн Бишкекте бир эле маалда үч митинг өттү. Өзүн өзү «премьер-министр» деп жарыялаган Садыр Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдындагы митингин улантып жатышты — айрым депутаттар Жапаровду криминал менен байланышы бар деп айыпташууда.Ошол эле убакта, жарандык активисттер криминалдын бийликке келишине каршы чыгып, шаардагы башкы темир жол бекетинин алдына чогулушту. Ал эми оппозициялык партиялар Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүп, өзүнчө митинг уюштурушту.Акыркы эки митинг Ала-Тоо аянтына келип бирикти. Бирок, жыйынтыгында алар менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылышуу орун алып, жаңжал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына ок атуулар менен аяктады.

Posted by Kloop кыргызча on Friday, October 9, 2020

Бирок көп өтпөй аянтка Өкмөт үйүнүн алдында чогулган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Бул учурда митингчилерди көздөй таш ыргытылып, ыктымал Жапаровдун тарапташтары айрым демонстранттарга кол салышкан.

Анткен менен Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кол салган адамдар — Жапаровдун тарапташтары эмес, алар чагымчылдар деп ишендирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда беш адам жабыркаганын маалымдаган — алардын арасында Тилек Токтогазиев жана экс-премьер Темир Сариевдин жансакчысы бар. Мындан сырткары депутат Элвира Сурабалдиева митингчилердин кагылышуусунан кийин кетип баратканда аны Жапаровдун тарапташы чаап жибергенге үлгүргөн.

Ошондой эле Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун машиналарын белгисиз бирөөлөр атканы кабарланды. Атамбаев бул кол салуу алдын ала уюштурулганын жана бул боюнча анда мурдатан маалымат болгонун айтты.

Учурда бул окуяга тиешеси бар деп шектелип Алмазбек Атамбаев, анын эки жансакчысы — Дамир Мусакеев жана Канат Сагынбаев — ошондой эле мурдагы президенттин кеңешчиси Фари Ниязов жана «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Темирлан Султанбеков кармалганы белгилүү.

Ал эми мурдагы президенттин эки уулу Сеит жана Кадыр Атамбаев күбө катары көрсөтмө берген соң кайра коё берилген. Ошондой эле экс-депутат Равшан Жээнбеков бул иш боюнча УКМКга күбө катары 11-октябрда чакырылганы кабарланууда.