Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбековду үй-камагына чыгарды

22 жаштагы Темирлан Султанбеков

Бишкек шаардык соту «Социал Демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековду үй-камагына чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Чынара Жакыпбаева билдирди.

Эки күн мурда Биринчи май райондук соту Бишкекте «массалык башаламандыктарды уюштурууга» шектелген Султанбековду эки айга ТИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган. Анда адвокат райондук соттун чечимине даттанаарын айткан.

Султанбеков 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Көп өтпөй ал «Матраимовдордукундай кыйноолор менен коркутуп жатышканын» ачыктап, ачкачылык жарыялаган.

Ошондой эле ал «эч кандай күнөөсү жок экенин» айтып, өзүн «чындыкты айтып жүргөнү үчүн камашты» деп эсептеген. Бул коомчулукта резнонанс жаратып, бир катар саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар Султанбековду бошотууну талап кылышкан.

Көпчүлүк аны «мыкты, жаш кадр» катары баалап, бийликтин иш-аракетине нараазы болушкан.

Ал эми өкмөт башчылыкка дайындалган Садыр Жапаров 14-октябрда коомчулуктун Султанбековду бошотуу тууралуу талабы боюнча пикирин билдирген. Анын айтымында, «коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген саясий оппоненттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт».

«Биз курууга умтулуп жаткан укуктук мамлекетте тергөө амалдары жүрүп жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди кармоону үй камагына алмаштырса болот деп эсептейм», — деген ал.

Султанбеков 22 жаштагы саясатчы. Ал шайлоо алдындагы дебаттарда активдүү болуп, өзүнүн оппоненттерине бир катар «ыңгайсыз суроолорду» берген. Айрыкча ал Матраимовдордун партиясы делген «Мекеним Кыргызстанды» «уурулардын партиясы» деп атап, бийликчил делген «Биримдикти» жана президент Сооронбай Жээнбековду кескин сындаган.