Республикалык штаб 15-ноябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 551 учуру катталганын маалымдады.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаары — 147;
Жалал-Абад облусу — 77;
Баткен облусу — 54;
Ысык-Көл облусу — 62;
Ош шаары — 34;
Ош облусу — 42;
Чүй облусу — 104;
Талас облусу — 25;
Нарын облусу — 6.
Мындан сырткары акыркы суткада коронавирустан 474 бейтап айыгып, үч адам көз жумду.
Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында жана Баткен облустарында катталды — 105 жана 93. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 85, Ош облусунда — 67, Чүй облусунда — 43, Ысык-Көл облусунда — 35, Ош шаарында — 24, Талас облусунда — 16 жана Нарын облусунда алты бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 66 504кө жетти. Анын ичинен 57 321 бейтап айыгып, 1 199 киши дүйнө салды.
Бүгүнкү күндө илдеттен 3 318 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 128 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 3 972 киши үй шартында дарыланууда.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.