Атамбаевдин УКМКдагы сүйлөшүүлөрүн тыңшоо боюнча кылмыш иши козголду

Иллюстративдик сүрөт

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев менен УКМКнын тергөө абагында жолугуу учурун тыңшоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев билдирди.

Ага ылайык, ишти Аскер прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин экинчи бөлүгү «Өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган жосун» боюнча козгогон.

Замир Жоошев Атамбаевдин УКМКнын тергөө абагынан дагы бир жактоочусу Сергей Слесарев менен болгон сүйлөшүүсү тартылган дискти ага белгисиз жаран бергенин 17-ноябрда маалымдаган. Ал киши дискти 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынганда президенттин иш бөлмөсүнөн таап алганын айткан. Анын сыртында «АША - Слесарев - 42 минуты» деп жазылган.

«Мен эми Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен табылган деп так айта албайм. Бирок менин булагым ошол жерден алганын түшүндүрдү. Ага ишенбегенге менде негиз жок. Себеби ал катардагы эле жаран жана бул дискти башка жактан алууга мүмкүнчүлүгү жок эле деп ойлойм», — деген пикирин ал «Клоопко» билдирген.

Адвокат УКМКнын тергөө абагындагы жактоочу менен айыпталуучунун сүйлөшүүлөрүн жаздырып алуу мыйзам бузуу болуп саналарын белгилеген болчу. Андан сырткары бул боюнча Башкы прокуратурага кайрыларын айткан.

Жоошев УКМКнын тергөө абагында буга чейин эле камера болуп келгенин, бирок алар айыпталуучу менен ага жолугуу үчүн келгендердин кыймыл аракетин көзөмөлдөө үчүн гана коюлганын, «үндү жазбайт» деп ишендирип келишкенине токтолду.

«Мыйзамда тыңшаганга түздөн-түз тыюу салынат. Биз [УКМК] тыңшабайбыз деп жазып коюшкан, бирок тыңшалат экен. Анын далилин колго алдык, эми муну танганга, андай кылган эмеспиз дегенге аларда мүмкүнчүлүк жок», — деген Жоошев.

Атамбаевдин камалышы

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

ИИМ Атамбаевди Батукаевдин эркиндикке чыгарылганына байланыштуу иш боюнча үч жолу суракка чакырган, бирок ал үчөөндө тең баруудан баш тарткан.

Андыктан август айынын башында күч түзүмдөрү Атамбаев кармаган. Алар мурдагы президенттин Кой-Таштагы резиденциясын эки күн штурмга алышкан. Атайын операция учурунда спецназдын бир жоокери каза болгон.

Атамбаев мындан тышкары быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы башаламандык үчүн да айыпталууда. Мурдагы президент буга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалып, кийин №47 абакка которулган.