Баткенде 1,5 кгдан ашуун нашаа менен эки киши кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда 1,5 кгдан ашуун маңзат менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну 12-январда кармалды. Тергөө иштеринин алкагында кармалган шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө анын «шериги» Бишкек шаарында экенин айткан. Ал ыкчам иликтөө иштеринин алкагында 15-январда кармалды.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган экинчи шектүү да Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ошондой эле, экөө тең буга чейин оор беренелер менен соттолгондугу такталды. Учурда кармалган шектүүлөр тергөө абагына киргизилди.

«12-январда Исфана шаары аркылуу өтүүчү Ош — Исфана автоунаа жолунда Бишкек шаарына каттаган “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаада бараткан жүргүнчүнүн жанынан желим баштыкка оролгон күрөң түстөгү зат табылып алынган. Экспертизадан ал баңги затынын “нашаа” түрү экени аныкталды», — деп билдирди Баткен ОИИБи.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен катталып, тергөө амалдары уланууда.

Буга чейин 3-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 3,618 кг баңгизаты менен бир киши кармалган. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматына 30-35 жаштардагы киши Токтогулдан Баткенге ири көлөмдө баңгизатына тапшырык бергени боюнча маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү маалында Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында отурган 32 жаштагы кишинин Жалал-Абаддагы республикалык психиатриялык ооруканада мажбур түрдө дарыланып жаткан бейтап аркылуу баңгизатына тапшырык бергенге катыштыгы бар экени аныкталган.

Кармалган кишинин жанынан табылган кара-жашыл түстөгү затка жүргүзүлгөн химиялык экспертизанын жыйынтыгында ал «нашаа» экени аныкталган. Учурда бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды издөө аракеттери жүрүп жатат.