Токтогулдун тургуну 3,6 кг баңгизат менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда шектүү 3,618 кг баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматы 30-35 жаштардагы киши Токтогулдан Баткенге ири көлөмдө баңгизатына тапшырык бергени боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү маалында Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында отурган 32 жаштагы кишинин Жалал-Абаддагы республикалык психиатриялык ооруканада мажбур түрдө дарыланып жаткан бейтап аркылуу баңгизатына тапшырык бергенге катыштыгы бар экени аныкталган.

Кармалган кишинин жанынан табылган кара-жашыл түстөгү затка жүргүзүлгөн химиялык экспертизанын жыйынтыгында ал нашаа экени аныкталган.

Учурда бул ишке катыштыгы бар башка адамдарды издөө аракеттери жүрүп жатат.

Буга чейин өткөн жылдын ноябрында Жалал-Абад шаарында 21 жаштагы тургун 4 килограммга жакын маңзат менен кармалган.

Андан сырткары Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен бир килограммдан ашык героин табылган. Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 139 миң сом, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк. Шектелип кармалган тургунга «Баңгизат каражаттарын колдонууга көндүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.