Бир нече күн мурун премьер-министр Улукбек Марипов Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычына куйган каналдын башы Тажикстанга өтүп кеткенин билдирген. Бул коомчулукта нааразычылык жаратып, баткендиктер өкмөттөн расмий түшүндүрмө талап кылышкан. Көп өтпөй өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү Мариповдун айткандарын төгүндөдү.
Эмне болду?
Премьер-министр Улукбек Марипов мындан эки күн мурун парламентте өкмөт башчылыкка анын талапкерлиги каралып жатканда депутат Абдувахаб Нурбаев ага чек арага чектеш жашаган элдин жашоосу тууралуу эскерткен.
Нурбаев Баткен облусу өнүкпөй келе жатканын белгилеп, айлык, пенсия жана жөлөкпулду көтөрүү керектигин белгилеген. Ошондой эле, Мариповго «сиз ушуну аткара аласызбы?» деп суроо узаткан.
«Экономика маселеси да түздөн-түз чек арага тиешеси бар да. Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын дагы тилекке каршы алдырыптырбыз. Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде да стратегиялык маселе бар экен», — деп жооп берген Марипов.
Төрткүл суу сактагычы — Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.
Жаңы өкмөт башчынын бул билдирүүсү коомчулукта нааразычылык жана тынчсыздануу жараткан. Баратали Салайдин уулу фейсбук баракчасында бийлик өкүлдөрү суу сактагычка куйган канал боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.
«Биз, Баткен эли, “Төрткүл суу сактагычына келген каналдын башын тажик тарапка алдырыптырбыз” деген сөзү боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылабыз. Эл аралык “суу дипломатиясы” деген нерсе бар. Эгер билбесеңер толук жеткирүүгө билимибиз да, күчүбүз да жетет! Баткенде жазгы талаа иштери башталуу алдында турат. Андыктан ыкчам чечим чыгаруу зарыл!» — деп жазган ал.
«Жаңжал чыкса ким жооптуу болот?»
Көк-Таш айылынын тургуну Райымберди Абдихалил уулу Мариповдун билдирүүсүнөн улам Кыргызстан менен Тажикстандын элинин ортосунда жаңжал чыкса ким жооптуу болот деп кейиген.
«Балким Марипов билбейт чыгар. Дагы 2014-жылдагыдай кан төгүү болуп кетсе эмне болот? Бул жагын да эске алып, ар бир сөздү ойлонуп сүйлөш керек эле», — дейт Абдихалил уулу.
Ошондой эле, Баткен районунун Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова президент Садыр Жапаровго жана премьер-министрге видео кайрылуу жасап, «бүт эл [Баткен облусунун тургундары — ред.] дүрбөлөңгө түшүп жатат» деген.
Өсөрованын айтымында, Марипов туура эмес маалымат тараткан жана ал Кайырма каналын айткан болушу мүмкүн деген. Анткени тажик тарап Төрткүл каналына атайын түтүк орнотуп, түтүк аркылуу суу менен камсыз болуп турушат.
«Атайын долбоордун негизинде Таш-Тумшуктан түтүк өткөрүлгөн. Биздин кыргыздын эле жеринен түтүк өткөрүп, Сомониён [азыркы аталышы Майский — ред.] деген жер суу менен камсыз болгон. Мурда бизден Төрткүл каналынан алып келишкен, бирок азыр бизден көз карандысыз болуп калышкан. Муну сиз кайра элге чыгып айтып коюңуз. Азыр элдер көтөрүлүп аткан мезгил, биздин “головной” кетип калыптыр деп. “Головной” эч качан кетпейт. Ал жерде кыргыздар жана мага окшоп чек араны коргогондор жашайт», — деген Өсөрова.
Депутаттык комиссия түзүү сунушу
Мариповдун билдирүү парламентте кайрадан талкууланып, депутат Тазабек Икрамов тез арада депутаттык комиссия түзүп маалыматты тактоону сунуштаган.
«Бул суу сактагычтын биз үчүн стратегиялык мааниси зор. Премьер-министрдин сөзүнө ишенсек, иш чатак жагына айланат. Ошондуктан дал ушул маселе боюнча тийиштүү комитеттерге тапшырма берилип, Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматын жабык уксак. Эгер оор жагдайда карала турган болсо анда тез арада депутаттык комиссия түзүшүбүз керек», — деген Икрамов.
4-февралда өкмөттүн сайтында, Төрткүл суу сактагычы боюнча расмий түшүндүрмө жарыяланды. Анда Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү деп белгиленген.
«Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе Өкмөт башчы тараптан эске салынган», — деп жазылат аталган маалыматта.
1983-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ы Кыргызстанга, ал эми 67%ы Тажикстанга кетет. 2014-жылы сууну бөлүштүрүүдө эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, жаңжал ок атышуу менен коштолгон. Мындан улам суу сактагыч Кыргызстандын ИИМи тарабынан кайтарууга алынган.
Буга чейин 2019-жылдын сентябрында Араван районундагы Керкидан айылындагы суу сактагычтын алдында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Керкидан айылынын тургундарын Өзбекстандын чек арачылары суу сактагычтын жанына тосмолорду куруп жатышканы нааразы кылган. Чыр чыккан аймакта тартылган видеодон Өзбекстан тараптагы чек арада аскер техникасы турганын байкоого болгон.
Андан соң Өзбекстан менен Кыргызстан жер алмашканы белгилүү болгон. Өзбекстанга Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагындагы жер берилген — Керкидан айылынын жанындагы суу сактагычтын айланасындагы жер Гүлбаар айылына жакын жерге алмаштырылган. Гүлбаар айылынын жанындагы жер стратегиялык объект болуп саналат.
Керкидан жана Гүлбаар айылдарына караштуу жерлердин аянты бирдей — 407 гектар. Ош администрациясынын маалыматына ылайык, алмашуу мурда эле Кыргызстан тарабынан демилгеленген.