Жер алмашуу. Керкидан суу сактагычы толугу менен Өзбекстандын аймагына өттү

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Өзбекстан менен жер алмашууну ырастап берди. Өзбекстанга Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагындагы жер берилген — Керкидан айылынын жанындагы суу сактагычтын айланасындагы жер Гүлбаар айылына жакын жерге алмаштырылган.

Керкидан жана Гүлбаар айылдарына караштуу жерлердин аянты бирдей — 407 гектар. Ош администрациясынын маалыматына ылайык, алмашуу мурда эле Кыргызстан тарабынан демилгеленген.

«Аталган тилкелерди алмаштыруу мурдатан кыргыз тараптын демилгеси болуп келген, акыркы келишимдерде аны делимитациялоо боюнча макулдашуу жетишилген», — деди Ош администрациясынын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы.

Сүрөткө ылайык, Өзбекстанга суу сактагычтын жээгиндеги жер тилкеси берилет. Анын көпчүлүк бөлүгү коңшу өлкөнүн аймагында жайгашкан. Чек аранын бир бөлүгү суу сактагычтан өткөн.

Жер тилкеси берилгенден кийин суу сактагычтын бардык аймагы жээк жолу менен кошо Өзбекстанга таандык болот. Кыргызстандын Керкидан айылынын тургундары суу сактагычтан чыккан дарыядагы суудан пайдалана алышат.

Ордуна Кыргызстан Өзбекстандын Гүлбаар кыргыз айылына жакын жердеги узун жер тилкесин алууда — ал Араван районуна кире бериште, тагыраагы Ошко алып барган жолдун алдында жайгашкан. Мурда Араван районунан Ошко алып барган жолдун бир бөлүгү Өзбекстандын аймагына караштуу болчу — эми ал Кыргызстандын аймагынан өтөт.

«Аравандагы Гүлбаар айылынын жанындагы жер стратегиялык объект болуп саналат. Анткени ага жакын жерде [Ош-Араван] жайгашкан. Экинчиден, бул сугат жери, ал эми Керкидан суу сактагычынын жанындагы тилке сугарылбайт, ал жакта жалаң таш. Алар [Өзбекстан] эгер силер [Кыргызстан] Араванга кире бериштеги жерди алмашкыңар келсе, анда биздин айыл өкмөткө жер тилкесин беришиңер керек деп шарт коюшкан», — деди Нуркыз Кадырбек кызы.

Буга чейин 10-сентябрда Керкидан айылындагы суу сактагычтын алдында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Араван районундагы Керкидан айылынын тургундарын Өзбекстандын чек арачылары суу сактагычтын жанына тосмолорду куруп жатышканы нааразы кылган. Чыр чыккан аймакта тартылган видеодон Өзбекстан тараптагы чек арада аскер техникасы турганын байкоого болгон.

Үч жыл мурун, 2015-жылы Керкидан айылынын тургундары суу сактагычтын айланасындагы жер коңшу өлкөгө берилет деген билдирүүлөрдөн улам нааразычылыктарын билдиришкен. Алар суу сактагычты Кыргызстан менен Өзбекстан тең пайдалануусун талап кылышкан.