Видео: Араван районун жашоочулары өзбек чек арачылары орноткон тосмого нааразычылык билдиришүүдө

Ош облусунун Араван райондагы Керкидан айылынын ондогон жашоочулары 10-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасында чогулушту. Буга өзбек чек арачыларынын жергиликтүү суу сактагычтын аймагына тосмо орноткондугу себеп болду.

Тургундардын бири «Турмуш» басылмасына «өзбек бийлиги өз алдынча тосмо куруп жатат» деп кабарлаган. «Чек ара тактала элек деп жатышкан. Өзбек тарап тосуп баштаганына жергиликтүү тургундар нааразы болуп, талаш жаралды», — деди ал.

Чыр чыккан жерге райондун акими Курманбек Айтибаев барган. Кийинчерек ал чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу экендигин маалымадады. Анын айтымында өзбек бийлиги тосмону өз аймагында орнотуп жатышат.

Райондун акими Керкидан суу сактагычынын айланасындагы 400 гектар жер Өзбекстандагы Ош—Араван жолуна жакын жерге 2017-жылы алмаштырылгандыгын кошумчалады.

«Делимитация иштери бүткөн, чек аранын демаркациясы калган. Азырынча чыр толугу менен жайгарылганга чейин Өзбекстан тарапты тосмо иштерин токтотуп туруусун сурандык», — деп айтты Айтибаев.

Керкидан айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Орозбаев «Азаттыкка» маалымдагандай, айыл тургундары суу сактагычты эки өлкө бирдей пайдалануусун талап кылышууда.