Жапаров Эрмек Нургазиевди Бишкектин мэрлигине «коюуга мүмкүн эмес» деп билдирди

Президент Садыр Жапаров Инстаграм баракчасында Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалган Эрмек Нургазиевдин талапкерлигин сындады.

«Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», — деп жазды Жапаров.

Президент Нургазиев тууралуу сөз кылган болушу ыктымал. Анткени Жапаров мындай билдирүүнү Эрмек Нургазиев Бишкектин мэринин м. а. болуп дайындалгандан кийин жасады. Ошондой эле Нургазиев алдамчылыкка жана аялды сабоого айыпталган.

Премьер-министр Улукбек Марипов 9-февралда Нургазиевди жергиликтүү шайлоолор өткөнгө чейин 11-апрелге дейре калаа башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Аны эртең менен мэриянын жамаатына тааныштырышкан. Ал буга чейинки мэрдин м.а. Балбак Түлөбаевдин ордуна келди.

Ал эми Нургазиев жааматка тааныштырылгандан кийин басма сөз жыйын куруп, Жапаров ага ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген.

«Бардык пландарым боюнча президентке айттым. Биринчиден президент көрсөткөн ишенимге мен ыраазычылык билдирем. Мен жөнөкөй жаран катары шаарда ишке ашыруучу көптөгөн долбоорлорду көрсөттүм. Албетте, мен кирише турган бир катар көйгөйлөр бар. Бирок тургундарга жардам берүү үчүн менин күчүм жана эрким жетет», — деп айтты Нургазиев.

Кийинчерээк айрым ЖМКлар жаңы дайындалган Нургазиев президент тарабынан кызматынан бошотулганын жазып чыгышты. Бирок мыйзам боюнча шаардын мэрин премьер-министр же шаардык кеңеш бошото алат. Ал эми Нургазиев «Vesti.kg» басылмасына ЖМКлар жалган маалымат таратып жатканын билдирди.