Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин м.а. болуп дайындалды

Эрмек Нургазиев

Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Эрмек Нургазиев мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Нургазиевди мэриянын жамаатына өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.

«Нургазиев мэрдин м.а. болуп келип жатат. 11-апрелде бардык жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Шайлоого чейин иштеп берет… Таза шайлоо өткөрүп алдыга койгон максаттарды так аткарып бериңиз, шаардын мэринин статусун жогору кармаңыз», — деди ал.

Бакиров ошондой эле, буга чейинки мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткенин кошумчалады. Бир катар ЖМКлар Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына барарын жазышууда.

Бакиров Нургазиев 1994-жылы Ош техникалык университетин аяктаганын, андан кийин Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинен финанасы жана кредит адистигин алганын кошумчалады. Ошондой эле, 2011-2013-жылдары президенттин алдындагы башкаруу академиясынан магистратураны бүтүргөн.

Нургазиев бизнес менен алектенип, жеке ишкерлик кылган. Эң акыркы жумушу «ЭММА строй» курулуш компаниясынын директору болгон.

Кош бойлуу адвокатка кол көтөргөн Нургазиев

2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоодо Эрмек Нургазиев «Кыргызстан» партиясынан талапкер болгон. Шайлоонун эртеси күнү мөөнөтсүз митинг башталып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Ошондой эле бийлик алмашкан.

Буга чейин ал алдамчылыкка жана аялды сабоого айыпталган. Атап айтканда 2019-жылы ал адвокат Ольга Новохатскаяны көптөгөн күбөлөрдүн көзүнчө бетке чаап жиберген. Новохатская бизнесмен кол көтөргөн учурда кош бойлуу болгонун жана андан улам боюнан түшүп калганын, бирок укук коргоо органдары Нургазиевди жоопкерчиликке тартышпаганын айткан.

2020-жылы Новохатская Нургазиев парламенттин депутаттыгына талапкер болуп жатканын угуп, анын кол көтөргөнү тууралуу коомчулукка ачык айтып берүүнү чечкен. Нургазиев кол көтөргөнүн танган эмес, себеп дегенде чаап жиберген учурдун видеосу соцтармактарга тарап кеткен. Бирок ал «чагымга жооп кайтарып рефлекс менен чаап алганын», ал эми аял бул тууралуу «антипиар жасоо» үчүн айтып чыгып жатканын билдирген. Ошондой эле, ал журналисттерге Новохатскаяны алдамчы деп атап, шайлоодон кийин ага чара көрөрүн кошумчалаган.