Коопсуздук кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев 15-февралда өкмөттүн Баткен облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
Кызматка дайындалгандан кийин Суваналиев «Азаттыкка» маек куруп, биринчи кезекте, чек ара маселеси курчуп турган аймактагы коопсуздук жана аткезчиликтин алдын алуу маселесине көңүл бурарын айтып берди.
Эмне себептен бул аймакты башкарууга макулдук бергени жана келечекте кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот деген суроого Коопсуздук кеңешинин төрагасынын мурдагы орун басары «генерал жана коопсуздук тармагында иштеген адам катары» макулдук бергенин айтты.
«Көп маселелерди мурун деле коопсуздук системасында иштеп жүргөндө билчүмүн. Эми азыр Баткен жергесинде тажрыйбам жардам берет деген ойдомун. Президенттин аппараты менен, өкмөттүн аппараты менен чогуу иштеп, комиссияларга көмөгүбүз тийет деген мааниде макулдугумду бердим», — деди ал.
«Азаттыктын» журналисттери акыркы күндөрү Баткен облусунун жашоочулары чек араны демаркациялоону талап кылган бир нече тынчтык митингин өткөрүшкөнүн Суваналиевдин эсине салып, бул маселени кантип чечерин, буга чейин эмне себептен чечилбей келгенин сурашты.
«Биринчиден, комиссиялардын иши эки тараптуу болуш керек. Ошону чечиш керек. Учурда коронавирус пандемиясы болуп токтоп калды. Ошол иштерди жандандырсакпы деп жатабыз», — деп жооп берди ал.
Анын айтымында, кыргыз тарабынан комиссиянын жетекчиси болуп Камчыбек Ташиев дайындалган жана ал өлкөгө кайтып келгенден кийин иш башталат.
*Германиянын клиникаларынын биринде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалган. Учурда ал өзүн жакшы сезип жатат. Ташиев кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын тактоо боюнча өкмөттүн делегациясын жетектейт.
Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү катары жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө убада берип, эл менен штеп кетерине үмүттөнөрүн билдирди.
«Бир четинен өмүр бою иштеген ишибиз мыйзамдын чегинде болгон. Эми облуста да мыйзамдуулук болсо экен деп жатабыз. Тартип, мыйзамдуулукту катуу сактайбыз го. Элге иштеп беребиз, кызмат кылабыз», — деди ал.
«Азаттык» Суваналиевдин бир убактарда «Баткенге байланыштуу аткезчилик, наркотрафик деген маселелер көп айтылганы менен бийлик тарабынан көп көңүл бурулбай жатат» деген сөзүн эсине салып, бул жаатта кандай кадамдарга барарын тактоону суранышты.
Суваналиев аткезчиликке каршы күрөш мыйзам чегинде жүрөт деп жооп берди.
«Көп кызматкердин орду алмашты. Жаңы ички иштер башкармалыгы болду. Жакында жаңы прокурор болот. Дагы жаңы алмашуулар болуп атат, анткени бул күрөштү жаңы деңгээлге алып келебиз», — деди ал.
Суваналиев премьер-министр жана президент менен сүйлөшкөнүн жана алар ал белгилеген максаттарга жетүү үчүн колдоого даяр экенин билдирди.
«Кудай буюрса пландын баары жакшы. Ошолордун баары ишке ашса болот. Анткени президент да, премьер-министр да көзөмөлгө алабыз деп жатат. Президенттин саясий эрки жана премьер-министрдин эрки болуп атат. Баткен облусуна чоң жардам беребиз деп жатышат», — деди ал.
«Азаттыктын» кандай шарт менен бул кызматка макул болгондугу тууралуу суроосуна Суваналиев президент жана премьердин колдоосу — «өзү эле чоң шарт» деп жооп берди.
«Анан мен ошонун бардыгын угуп туруп макулдугумду бердим. Баткен облусундагы маселелерди тез арада колдон келишинче жоюуга алардын мүдөөсү да, менин мүдөөм да бир болуп атат», — деп билдирди ал.
«Комиссар Каттани»
Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр Улукбек Марипов 15-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Өмүрбек Суваналиевди дайындаганын билдирген.
Мындан тышкары, Марипов фейсбуктагы түз эфиринде Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин айткан.
«Кечээ күнү Баткен облусунун жетекчилиги алмашты. Элибизде “комиссар Каттани” деп айтабыз — Өмүрбек Суваналиев жетекчи болуп дайындалды. Ал коюлган тапшырмаларды так, кечиктирбестен жакшы алып барат деген ойдобуз. Себеби Баткен облусунда маселе чындыгында абдан оор, ошондуктан өзгөчө бир макам берүү жагы каралып жатат», — деген өкмөт башчысы.
Буга чейин Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Бул кызматтан ал 2020-жылы 10-октябрда бошотулган. Анын ордуна 2015-жылы Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болгон Жаныбек Капаров дайындалган.2020-жылдын октябрындагы тополоңдо Ак үй басылып алынгандан кийин Суваналиев УКМКнын төрагалык кызматын ээлеп, өзүн күч органдарынын координатору кылып жарыялаган. Бирок 9-октябрда мамокимтеттин кызматкерлери аны административдик имараттан узатып чыгарып коюшкан.
Андан соң Суваналиев Коопсуздук кеңешинин имаратына кайтып келип, «болгону ишти уюштурууга жардам берип жүрүшкөнүн, учурда аны бүтүп кайтып келишкенин» билдирген.
Баткендин тургундарынын митинги
Кыргызстандын чек араларынын жанында жашагандар Бишкекте 15-16-февралда эки күн митингге чыгышты. Митингчилер Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, Таджикстан менен чек аралар маселелерин чечип берүүнү талап кылышкан.
Күн мурда митингге чогулгандар Тажикстан Баткен облусундагы Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарына жакын жерлерде жер ээлеп кире баштаганын билдиришкен. Митингге келгендер аларга президент Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылышкан.
«Садыр Жапаровго жеке дообуз жок. Биз анын ишине же саясатка аралашууну ойлогон жокпуз. Көптөн бери чечилбей келе жаткан чек ара маселесин жеткирели деп келдик. Элдин үнү жеткирип жатабыз», — деп айткан митингчилердин бири Бекназар Айталиев.
Анын айтымында, тажикстандыктар социалдык тармактарда бул жерлер «байыртан эле тажиктердики» деп жазышууда. Ал кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого да үндөдү.
Жапаров жана бийликтин башка мүчөлөрү митингчилер менен жолугушуу үчүн Өкмөт үйүнөн чыгышкан эмес. Бирок өкмөт митингге көңүл буруп, мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү боюнча брифинг өткөргөн.
Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев митингчилердин талабы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев оорукадан чыккандан кийин караларын маалымдаган.
Бөрүбаевдин айтымында, учурда Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чечиле жана аныктала элек чек аралары бар. Кыргызстан 2002-жылдан бери тажик тарап менен чек ара маселесин чече албай келет.
«Пайызга салып айта турган болсок, Тажикстан менен болгон чек арабыздын 60%ы эки тараптуу чечилген. 2020-жылы пандемияга байланыштуу коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзө албай калдык. Тажикстан менен өткөн жылдын февралында жолуккан элек, андан бери бир жыл өттү», — деп түшүндүргөн Бөрүбаев.
Чек ара жаңжалдары
Чек ара маселелери Кыргызстанда бир топ жылдардан бери көтөрүлүп келет. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен болгон чек араларында 12 жаңжал катталган. Алардын ичинен мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде 9, кыргыз-өзбек тилкесинде 3 окуя катталган.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 километрди түзөт, алардын ичинен 519 километри такталып, демаркацияланган, калганы такталбаган бойдон калууда. Такталбаган чек ара тилкелери чек арага жакын жайгашкан айылдардагы көптөгөн жаңжалдарга себеп болот — суу талаш, жер талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү.
Кыргыз-тажик чек арасында 2020-жылдын май айынан июнь айына чейин эле курал колдонулган бир нече чыр чыккан.
2019-жылы дагы чек ара чырлары болуп турган — бир нече жолу кыргызстандыктар айылдарынан убактылуу эвакуацияланууга аргасыз болгон.