Жапаров: Ташиев жүрөгүнө операция жасалгандан кийин өзүн жакшы сезип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жүрөгүнө операция жасалгандан кийин өзүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти жана Ташиевдин жакын досу Садыр Жапаров өзүнүн телеграм-каналында билдирди.

24.kg басылмасынын маалыматына караганда, Ташиевге тромбэктомия — тромбу алып салуу боюнча операция жасалган. Ошондой эле, операция Германиядагы клиникалардын биринде жасалганы белгилүү.

«Операцияга Берлин убактысы боюнча саат 8:00дө кирип, саат 18:30да гана өзүнө келди (Бишкек убактысы боюнча 13:00дөн 23:30га чейин). Операция 3 саатка созулган. Камчыбек Кыдыршаевич: "Эли журтума өтө ыраазымын. Менин өмүрүмдү Аллахым жана элимдин дубасы сактап калды. Экинчи ирет туулдум окшойт. Эмки жашоо мага элимден белек. Демек, мен да элиме татыктуу кызматым менен, элиме кылган эмгегим менен жооп берем!” деди» — деп жазды «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов фейсбук барагында.

УКМК төрагасы чет өлкөгө 6-февралда учуп кеткен. Бирок анда Ташиев оорунун диагнозу жана операция кайсы өлкөдө жасалары тууралуу айткан эмес.

Буга чейин, 2020-жылдын ноябрь айында Ташиев жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Ал ошондо ооруканада үч күн болгон.