Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча комитети 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун карап чыгып, жактырды. Бул отурум күн тартибинде а түгүл болгон да эмес.
«Мен дагы катышайын дегем, бирок 16:00дө чогулуп туруп, жактырып коюшту. Менин оюмча, буга кимдир бирөө режиссерлук кылып, башкарып жатат. Негизи отурумдар эртең мененки 10до өтөт, ал убакта отурумдун болор-болбосу белгилүү эмес болчу. Мага 11:00дө такыр эле отурум болбойт деп айтышты, бирок бүгүн саат 16:00дө отурумду өткөрүп коюшту», — деп айтты Дастан Бекешев телеграм каналында.
Конституциядагы тавтология жана версиялардын бири-бирине дал келбестиги
Отурумдун башында депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоорун карап чыгууга укугу бар-жогун сурады.
«Биз мыйзамдарды чыгарган органбыз. Ошондуктан, мен Конституциялык кеңешме жана 80 депутат Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарышын сунуш кылам. Конституциянын авторлору чыгып, мен туура эмес айтып жатканымды айтышсын» , — деди ал.
Абдылдаев Конституциянын жаңы долбоорунда бир топ грамматикалык жана редакциялык каталар бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Баш мыйзамдын биринчи эле беренесинде тавтология бар.
«Көз карандысыз мамлекет менен суверендүү мамлекеттин ортосунда эмне айырма бар? Бул жерде Кыргызстан — көз карандысыз, суверендүү өлкө деп көрсөтүлүптүр. Бардык конституцияларда суверендүү деп гана белгиленген», — деди Абдылдаев.
Анын айтымында, Баш мыйзамдын кыргыз жана орус тилдериндеги версияларында айырмалар бар.
«Конституцияда президент өлкөнү ички жана эл аралык мамилелерде көрсөтөт деп жазылган. Кайсы убактан бери президент ички мамилелерди көрсөтүүдө? Бизде кайдагы ички мамиле? Биз федерациябызбы?» — деп кызыкты Абдылдаев.
Депутат Аида Касымалиева Конституциянын орусчасы менен кыргыз тилиндеги версиядагы айырмачылыктарга токтолду. Мыйзам долбоорунун авторлору суроолорго жооп бере алышкан жок жана бардык кемчиликтер менен каталар оңдолот деп убада беришти.
Конституция азыр кайсы баскычта?
Мындан тышкары, Касымалиева Конституциянын лингвистикалык текшерүүдөн өтүп бүтүп-бүтпөгөнү тууралуу маселени козгоду. Ошондой эле, ал депутаттар өзгөртүүлөрдү киргизе алар-албасы тууралуу да суроо узатты, анткени алардын алгачкы сунушун — Конституциялык кеңешме соңку долбоорго киргизген эмес.
«Сиз лингвисткалык экспертиза өткөрүлдү деп айтып жатасыз. Бирок каталар өтө көп. Эгер депутаттар өзгөртүүлөрдү киргизе алышпаса, анда жок дегенде парламент бардык каталарды оңдоп, редакциялык оңдоп-түзөөлөрдү киргизиши керек», — деп ал билдирди.
Депутат Бактыбек Турусбеков бул боюнча аппараттан сураш керектигин айтты. Бирок аппараттын өкүлү үн каткан жок.
Жаңы Конституция
Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин, Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү маселеги жигердүү талкуулана баштаган. Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.
Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер. Кеңешменин курамында бир дагы ачык оппонент кирген эмес. Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгышкан.
Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон.
Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышты. Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүүдө.