Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Замир Юсупов дайындалды

Замир Юсупов. Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев 2-мартта кызматынан бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди. Анткен менен Абсаттаров Турганбаевдин кызматынан боштолушунун себебин ачыктаган жок.

Ошол эле күнү Турганбаевдин ордуна Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Замир Юсупов дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койду.

«Юсупов 35 жашта. Ал буга чейин Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп турган. Жогорку билимдүү. Кыргыз-орус (Славян) университетинин Эл аралык мамилелер факультетин жана Ош технологиялык университетин аяктаган», — деп билдирди Абсаттаров.

Замир Юсупов — Ош облусунун мурдагы башчысы Байыш Юсуповдун уулу. Ошондой эле, ал «Биримдик» партиясынын Оштогу штабын башкарып турган.

Мындан сырткары Юсуповдун аты өткөн жылдын 12-апрелинде өтө турган жергиликтүү кеңешке шайлоо болоордун алдында бир нече жолу аталган. Ал «Биримдиктен» талапкер болгон. Бирок шайлоо COVID-19 илдетине байланыштуу жылдырылган.

«Азаттык» басылмасы «Биримдик» партиясы өз тарапташтарына гана ун таратып жатканы тууралуу макала жарыялаган. Бул туурлалуу басылмага таратылып жаткан ун Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөнүн кабарлашкан. Анткен менен Замир Юсупов бул маалыматты төгүндөп, партиянын атынан азык-түлүк таратылбаганын айткан.