Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13 адамга чыкты — ССМ

Баткен облустук администрациясы. 29-апрель 2021-жыл. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

30-апрелдин таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам жабыркагандардын саны 134 адамга жетти, алардын ичинен 13 киши набыт болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кактус.Медиа басылмасына кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

Саламаттык министрлиги 30-апрелде саат 24:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам жабыркаган кишилердин саны 84кө жеткенин кабарлаган. Алардын үчөө каза болуп, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, чек ара чырын чечүү милдетин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөгөн.

29-апрель күнү кечинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуп, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Эки өлкөнүн министрлери саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу келишимине келди

УКМК: Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын беш чек ара бекетине ок чыгарды

Өмүрбек Суваналиев: Лейлек районунда да атышуу башталды