Өмүрбек Суваналиев: Лейлек районунда да атышуу башталды

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев Лейлек районунун Кулунду жана Максат айылдарында да атышуу башталганын билдирди. Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш жана Самаркандек айылдарынын үстүндө Тажикстандын тик учактары байкалган.

Учурда чек арадагы кырдаал оор бойдон калууда. Кагылышуудан 17 кыргызстандык жабыркап, бирөө каза болду. Тажик тарап канча киши жаракат алганын расмий айта элек.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстандын чек ара кызматы жана ички иштер министрлигинин спецназы Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын аткылаганын билдирген.

Чек арадагы чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде башталган. Кыргызстандын чек ара кызматы буга Тажикстандын жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында шагыл жүктөп кетүүгө аракети, кийинчерээк алар мамычаларга макулдашуусуз байкоо камераларын орнотуп баштаганы себеп болгонун билдирди.

Ал эми Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптоодо. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактап жатат».

Эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы орто оор.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев буга чейин Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун айткан. Бирок, анын айтымында, Исфара районунун акими жетекчилигинин тапшырмасын аткаруудан баш тартты.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди. Андан сырткары Ош — Баткен — Исфана жолу жабылды.