УКМК: Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын беш чек ара бекетине ок чыгарды

«Достук» заставасы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын беш чек ара бекеттине ок чыгарганын кабарлады. Ал эми Кыргызстандын атайын багыттагы «Бөрү» отряды Тажикстандын аракеттерине жооп кылып, Хожа-Аъло чек ара заставасын басып алды.

«Болжол менен кечки саат бештерде тажик тарап "Капчыгай", "Миң-Булак", "Достук" чек ара бекеттерине, ошондой эле "Кожогар" жана "Булак-Башы" чек ара бекеттерине ок чыгарган. Минометтон аткылоонун кесепетинен Баткен чек ара отрядынын "Достук" чек ара бекетинин имараты күйүп кетти», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Буга чейин УКМКнын чек ара кызматы Тажикстандын күч органдары саат 14:00дө «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын миномет, пулемет жана автоматтардан аткылаганын кабарлаган. Эки тараптын кагылышуусунан 26 кыргызстандык жабыркап, бир киши каза тапты.

Ал эми жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арага чектеш айылдардан 848 жергиликтүү тургунду эвакуациялады. Ошол эле учурда тажикстандыктар Лейлек районунда дагы атышууну баштаганы белгилүү болду.

Ушул тапта Бишкекте Баткендеги чек ара чырына байланыштуу «Баткен сен жалгыз эмессиң!» деген тилектештик митинги өтүүдө. Чогулгандар бийлик өкүлдөрүнөн чыр чыккан жерге барып, маселени чечүүнү талап кылышты.

Кийинчерээк митингчилерге спикер Талант Мамытов башка депутаттар менен чыгып, кырдаал «президенттин көзөмөлүндө экенин» билдирди.

Өлкө башчы көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүү тапшырмасын Тышкы иштер министрлигине жана вице-премьер Артем Новиковго берип, элди «чагымчылдыкка алдырбоого» чакырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, жаракат алгандар бар

Тажик тарап камераларды албай койгондуктан чыр чыкты — Суваналиев

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Жергиликтүүлөр окуянын чоо-жайын айтып беришти