Чоң-Алай: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал «туруктуу»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин 19-майда кабарлады. Эки өлкөнүн Ош жана Лахш облустары боюнча чек ара башкармалыктарынын жумушчу топтору жолугушуп, Унжу-Булак жайыты такталганга чейин аны кайтарбоого макулдашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасын биргелешип кайтаруу эки тараптын макулдашуусунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн экени айтылды.

Эмне болгон?

Социалдык тармактарда 18-майда Чоң-Алай районун Кароол-Дөбө жана Унжу-Булак аймактарына тажик аскерлери кирип алган деген маалымат тарады. Окуя болгон жерге чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Чынарбек Насиев барганы да маалымдалган.

Мындан сырткары, соцтармактарда тажик аскерлери 16-майда Карамык айылынын тургунун кармап, аны коркутуп, сурак алганы айтылган.

«Жергиликтүү тургундар тынчсызданып, Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Саргой деген айылындагы кыргыздар менен байланышып, маалымат сурашканда, аладын аскерлери, куралдуу күчтөрү дал ошол Чоң-Алай менен чектешкен аймакка жыйылып жатышканын кабарлаган...», — деп жазган посттун автору.

Бул маселени депутаттар Бурун Аманова жана Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин 19-майдагы отурумунда да көтөрүп, «тажик тарап чек арада окоп казып отурат» деген маалымат түшүп жатканын билдиришти.

«Ошондуктан азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Мариповду, чек ара кызматын чакырып ушул жерде укпайлыбы? Ошол жерде билесиздер 1999-жылы биринчи чоң кол салуу Чоң-Алайдан болгон. Адамдар атышып, бир канчасы набыт болуп, бул жактан аскерлер баргыча жарандар Оштон 41 автомат алып, тосуп чыгышкан. Азыр дагы ошондой коркунуч пайда болуп жатат. Ушул боюнча ыкчам чечпесе, өтө кооптуу болуп жатат. Баткенден да чатак болот. Ал жерде адамдар азайып, ал жакта тосуп чыкканга адам аз. Алар жөн эле Сары-Таш, Гүлчөгө чейин келип калышы мүмкүн», — деди Бердиев.

*1999-жылы Өзбекстандын Ислам кыймылынын жүздөгөн террористтери Кыргызстандын чек арасы аркылуу Өзбекстанга өтүүгө аракеттенген. Анда Кыргызстан жана Өзбекстандын куралдуу күчтөрү террористтер менен дээрлик эки ай кагылышып, расмий маалыматтар боюнча 54 киши каза болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: «Сакалчандар»

Ал эми чек ара кызматы Бердиевдин сөздөрүнө жооп берип, учурда абал турукташканын жана аны курчутпоого бардык иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле, ведомство жарандардан абалды чыңалууга алып келген билдирүүлөрдү жасабоого чакырды.

Чоң-Алай районунун акими Өскөн Мамажакыпов «Азаттыкка» берген маегинде Унжу-Булак жана Караганды-Сай жайыттарына өтүп кеткен мал-жандыктарын кыргыз чек арачылары ээлерине кайтарып жатышканын билдирди.

«Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймакта 1 010 гектар такталбаган жайыт бар. 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча алардын картасында экен. Бирок биздин жарандар эле иштетип жүргөн. Демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлө электигинен мурда алардын чек арачылары алыстан көзөмөлдөп турса, учурда аймактын өзүнө кирип көзөмөлгө алып алышкан. Ошондуктан калк арасында туура эмес маалымат чыгып кетти», — деди Мамажакыпов.

Мамажакыпов эки тараптын чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу боюнча сүйлөшүлгөнүн кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт. Анын 504 чакырымы гана демаркацияланган. Калган аймактар азыркыга чейин тактала элек. Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиясы кайсы документтерге, картага таянуу керектиги боюнча бир пикирге келе элек.

Тажик тарап Ворух Тажик ССРинин курамында болгону көрсөтүлгөн 1924-1927-жылдагы картаны колдонуу керектигин айтса, Кыргызстан 1958-1959 жана 1989-жылдардагы картаны колдонуу керектигин айтып келет. Ворух аймагы 1950-жылдары Кыргызстанда анклав болуп калган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жакынкы арада №43 чекиттен №61 чекитке чейинки жана №135 чекиттен №141ге чейинки кыргыз-тажик чек арасы аныктала турганын билдирген. Анда 1924-1927-жылдардагы документтер жана улуттук-аймактык демаркациянын материалдары, ошондой эле 1989-жылкы паритеттик комиссиянын документтери жана материалдар колдонулат.

*№ 43 жана № 61 тилкелери Лейлек районунун аймагында жайгашкан. Ал эми чек аралык №135ден №141ге чейинки тилкелер Баткен районунун Карабак айыл аймагынан орун алган.

Мындан сырткары, Кыргызстандын өкмөтү тажик тарап менен Исфара районунун Хожа Аъло айылынан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Ал эми Баткен районундагы Аксай айылынын тургундары бул келишимге нааразы болушуп, митингге чыгышкан.

Эки өлкөнүн бийлиги чек араны тактоо процедурасын апрелдин аягында болгон кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан кийин баштаган. Анда 200гө чукул кыргызстандык жарадар болуп, анын 36сы каза тапкан. Тажик тарап 19 киши мерт болгонун жана 87 адам жарадар болгонун маалымдады.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскердик агрессия» деп баалап, алар бир катар эл аралык келишимдерди бузганын билдирген. Учурда укук коргоо органдары Баткендеги окуялар боюнча 11 сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик