Президенттин кеңешчиси Рамзан Кадыровго ат жабдыктарын белек кылды

Сүрөт: «Грозный информ» басылмасы.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Руслан Кыдырмышев 26-майда Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен жолукту. Ал Кадыровго кыргыз чеберлеринин колунан жасалган ат жабдыктарын белек кылды.

Кыдырмышев жолугушуу тууралуу өзүнүн инстаграм баракчасында кабарлап, жолугушуунун максатын ачыктаган жок. Бирок ал Кадыровду «жакынкы арада Кыргызстанда көрөөрүбүзгө үмүттөнөбүз» деп жазды.

«Орусиянын баатыры, мен сыйлаган кымбаттуу агам, ар дайымкыдай жылуу жана чын жүрөктөн кабыл алганыңызга ыраазычылык билдирем», — деди ал.

Ал эми Чеченстандын «Грозный информ» басылмасы Кадыров Кыдырмышевди Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалганы менен «куттуктаганын» жазды. Ошондой эле Кыдырмышев аркылуу Садыр Жапаровго «салам жана ыраазычылыктарды» жолдогонун билдирди.

«Бейрасмий шартта биз адаттагыдай эле аймактарыбыздын ийгиликтери жөнүндө баарлаштык. Дүйнөдөгү акыркы окуялар боюнча көз караштарыбыз менен бөлүшүп, ар кандай турмуштук темалар жөнүндө сүйлөштүк. Мунун өзүнүн өзгөчөлүгү болду», — деген Кадыров басылмага курган маегинде.

38 жаштагы Руслан Кыдырмышев 7-майда президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Кыдырмышев — ишкер, кулатуунун чебери, «Кулатуу Эртаймаш» WEF Global дүйнөлүк федерациясынын президенти. Ошондой эле «Бакубат келечек» кайрымдуулук уюмун жетектейт.