COVID-19: Өлкөдө сутка ичинде алты бейтап каза болуп, жаңы 992 учур катталды

Кыргызстанда 27-июнда коронавирус жуктуруунун 992 жаңы учуру катталып, алты адам каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарынын, экөө Жалал-Абад облусунун, дагы бирөө Чүй облусунун тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

  • Бишкек шаарында — 567;
  • Чүй облусунда — 137;
  • Жалал-Абад облусунда — 84;
  • Баткен облусунда — 65;
  • Ош облусунда — 42;
  • Ош шаарында — 34;
  • Ысык-Көл облусунда — 28;
  • Нарын облусунда — 22;
  • Талас облусунда - 13;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 120 865ке жетти. Алардын ичинен 108 465 адам ооруканадан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 1 977 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 2 995 бейтап бар, 1 026 адамдын абалы оор, дагы 6 357 киши үй шартында дарыланууда.

Бишкек шаарында сутка ичинде 33 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Пандемия башталганы коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 300гө жетти, анын ичинен 4840 медкызматкер илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз