Акыркы бир нече айда дүйнө коомчулугу Ооганстандагы жана анын Тажикстан, Өзбекстан менен чектеш аймактарындагы абалга тынчсызданып жатат.
«Талибан»* радикалдык ислам кыймылына байланышкан абал Ооганстанда 2021-жылдын май айынан тартып курчуп баштаган. Буга 20 жылга чукул Ооганстандын аймагында болгон АКШ жана ага союздаш өлкөлөрдүн аскерлери чыгарылып жатканы себеп болду. Талибдер жандана баштаганда Европа биримдиги жана АКШ билдирүү жасап, «Талибандын» иш-аракетин сынга алып, аскердик чабуулду токтотууну талап кылган.
*«Талибан» — радикалдуу ислам кыймылы, ага Кыргызстанда тыюу салынган жана террористтик деп табылган. «Талибан» кыймылынын аскерлери радикалдуу мүнөздөгү аракеттери менен эле эмес, башка дагы террористтик топторго, анын ичинде Кыргызстанда тыюу салынган «Аль-Каидага» тиешеси бар экени менен дагы белгилүү.
Кырдаалдын курчуганына БУУ да көңүл бурду. БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс аскерлердин Ооганстандан тездик менен чыгарылышы «жагымсыз сюрприз болуп калганын» билдирген.
Анын айтымында, майдын башынан бери талибдер Ооганстандын 370 округунун 50дөн ашыгын ээлеп алган. Лайонс чет элдик аскерлер толугу менен чыгып кеткенден кийин «Талибан» ооган провинцияларынын борборлорун басып алууга аракет кылышы мүмкүн деп тынчсызданууда.
Чет элдик аскерлер чыгарылгандан кийин талибдер баш көтөрө баштаганын Ооганстандын ТИМнин башчысы Мохаммад Ханиф Атмар дагы айткан. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында ал талибдер чабуул үчүн көбүнесе жай тургундарды тандап жатканын билдирген.
Тажикстан менен чектеш аймактарда да абал курч
Ал арада Ооганстан өкмөтүнүн аскерлери менен талибдердин тиреши жай, бирок түз эле Борбор Азия өлкөлөрү менен чек арага жакындап калды. Буга 22-июнда ооган өкмөтүнүн 100дөн ашуун аскери Тажикстандын аймагына чегингени далил боло алат.
«Озоди» басылмасы ошондо Тажикстандын УКМКсына таянып аскерлер «Талибандын» жоокерлеринин «чабуулдук аттануусуна туруштук бере албай» артка чегингенин билдирген. Аны менен бирге эле УКМК Ооганстан менен болгон чек арада абал чыңалуу бойдон калып жатканын белгилеген.
Ооганстанда жаңжал уланып жаткан шартта Өзбекстандын Коргоо министрлиги «аскерлерди согушка даярдоо боюнча практикалык иш-чараларды» баштаган.
Аскердик машыгуулар Ташкент жана Түштүк-батыш өзгөчө аскердик округдарына дагы тиешелүү экени белгиленген — Өзбекстан дал ушул түштүк бөлүгүндө Ооганстан менен чектешет. Бирок коргоо министрлиги аскерий машыгуулар талибдердин жанданышына байланыштуу экенин айткан эмес.
Жапаровдун Тажикстанга сапары
28-29-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары башталды. Ал өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушат. Жапаровдун Тажикстанга боло турган сапары Кыргызстанда нааразылыктарды жараткан, буга эки өлкөнүн жакында эле чек арага жакын аймактарында болгон куралдуу жаңжал себеп болгон. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин «аскердик агрессия» деп атаган.
Расмий күн тартибинде «Талибан» кыймылына байланышкан маселе көрсөтүлбөгөнү менен Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Жапаровдун Дүйшөмбүгө болгон сапары буга шартталганын айтат.
Нурбаев «Азаттыкка» курган маегинде Ооганстандагы абал бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин тынчын алып жатканын билдирген.
«Тажик президенти менен Өзбекстандын, Казакстандын президенттери сүйлөштү. Өзбекстан Куралдуу күчтөрүн толук даярдыкка келтирип жатат. Бул азыр Орто Азиядагы бардык өлкөлөрдүн президенттерин ойлондурган маселе. Менимче, президент [Садыр Жапаров] ушул жагдайдан улам барып жатса керек», — деп билдирген Нурбаев.
Жапаров Кыргызстан Тажикстан менен чектеш жана эки өлкө ЖККУга мүчө экенине карабастан Ооганстандагы жаңжалга байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек.
Бирок Жапаров абал кандай экенинен кабардар, анткени маселени Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 23-июнда Тажикстанда өткөн жолугушууда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен талкуулаган.
Тажикстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушууда терроризмге каршы аракеттенүү маселесинен тышкары Ооганстандагы абалдын курчушу дагы талкууланган.
Ооганстандагы жаңжал Кыргызстанга да тийиштүү экенин депутат Дастан Бекешев дагы айткан. Депутат фейсбук барагында Жапаровдун Тажикстанга сапарын алсыздык катары карабоо керектигин, себеби учурда ыктымал боло турган коркунучтарды чечүүгө биргелешкен аракет көрүү керек деп белгилеген.
«Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары окуя жаман жагына айланса өз ара кандай кызматташуу керектигин деп ойлонуп жатышат. Расмий өкмөттүн аскерлери Ооганстандын аймагынан Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасына сүрүлө баштады. Бул маселе сөзсүз бизге дагы тиешелүү», — деп жазган Бекешев.