COVID-19: Беш киши каза болду, 199 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-августта өлкөдө коронавирустун 199 жаңы учуру катталганын маалымдады.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 96;

Чүй облусунда — 45;

Ысык-Көл облусунда — 29;

Нарын облусунда — 9;

Баткен облусунда — 8;

Талас облусунда — 5;

Ош шаарында — 4;

Жалал-Абад облусунда — 2;

Ош облусунда — 1.

Ошондой эле өткөн суткада 444 бейтап айыгып, беш киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 174 347ге жетти. Оорудан 167 146 бейтап айыгып, 2 494 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 266 бейтап ооруканаларда, 2 010 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.