Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталгандар 6,5 жана 7 жылга кесилди

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-сентябрда Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапты. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылды. Уурдалган кыз Замирбек Тенизбаев тарабынан зордукталып, андан соң өлтүрүлгөн.

Иш боюнча беш адам айыпталган: Кубаныч Токон уулу, Замирбек Раманкулов, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орозбек Нурумбетов жана Сыймык Молдосариев.

Буга чейинки отурумдарда айыпталуучу Орозбек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Замирбек Раманкулов болсо өзүн айыптуу деп эсептебейт, ал эми калгандары күнөөсүн жарым жартылай мойнуна алышкан.

Соттун чечими

Биринчи май райсоту Ажыкабыл Рысбай уулу, Орозбек Нурумбетов жана Сыймык Молдосариевди 7 жыл колонияга, ал эми Токон уулу менен Раманкуловду 6 жыл 6 айга эркинен ажыратты.

Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталгандар. Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop 

Андан тышкары, бардык айыпталуучулар жабырлануучу тарапка — Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакеновага — моралдык жана материалдык чыгым катары 100 миң сом төлөп бериши керек.

Шакенова «Клоопко» курган маегинде маркумдун үй-бүлөсү өкүм менен макул экенин жана «адилеттүү жаза колдонулганын» айтып берди.

Айзада Канатбекованын апасы жана таежеси адвокаты менен. Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

«Ушул иш баарына сабак болсун. Мындан кийин ала качкан убакта [кыздарды]ойлонсун ар бир адам, арты ушундай иш болуп каларын. Айзададан кийин бул баарына сабак болот деп үмүт кылам», — деп белгиледи Айзада Канатбекованын таежеси Бактыгүл Шакенова.

Ал мындан ары жабырлануучу тарап ИИМдин кызматкерлери тиешелүү жазасын алуусу үчүн аракет кыларын кошумчалады. Айзада Канатбекованын өлүмүнө алып келген милиция кызматкерлеринин шалаакылыгына байланыштуу кылмыш ишин УКМК тергеп жатат. Бирок тергөө кайсыл стадиага келгени белгисиз.

Бактыгүл Шакенованын айтымында, алар үстүбүздөгү жылдын апрель айында эле арыз жазышкан, бирок УКМКга чакыртышкан эмес.

«Эгерде бизди укпаса, президентке жана Ташиевге [УКМК төрагасы] кайрылабыз. Угуп жаткан кыргыз эли деле биз тарапта болот деп ойлойм», — деп билдирди Канатбекованын таежеси.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот. 

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адам Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Айзада өлтүрүлгөндөн кийин милиция эки күн ичинде кылмышка катыштыгы бар адамдарды кармаган.

8-апрелде милициянын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышкан. Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Тема боюнча:

Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталган — жактоочу

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!