Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталган — жактоочу

Ош шаары. Айзаданын урматына зомбулукка каршы өткөрүлгөн митингден сүрөт.

Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринде уурдалган Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталгандыгы соттук-медициналык экспертизада аныкталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов фейсбук баракчасында 4-майда билдирди.

Токтакуновдун айтымында, Канатбекова каршылык көрсөткөн. Анткени экспертиза маркумдун буту-колдору жана бети тытылган, ошондой эле көгөргөн деп жыйынтык чыгарган. Ошондой эле, жактоочу Канатбекованын ишин тергөөчү шашылыш тергеп сотко өткөрдү деген пикирде.

«Айзада Канатбекова үзүлгөн убакытты тергөөчү так аныктаган эмес. Албетте муну медициналык экспертиза аныктап бериши керек, бирок тергөөчү экспертизанын жыйынтыгы менен маалымдашы керек болчу. Бирок ал бул суроого жооп берүүгө аракет кылган жок», — деди Токтакунов.

Адвокат өз сөзүндө тергөөчүдө тергөөгө дагы бир айдай убакыт бар болгонун белгиледи. Токтакунов резонанс жараткан окуяны тергөө башкармалыгы шашылыш түрдө сотко өткөрүүгө эмне себеп болушу мүмкүн деген суроо салды. Анын айтымында, тергөө тактап бере турган жагдайлар дагы бар болчу.

Мындан сырткары, жактоочу милиция Канатбекованы издөө боюнча 5-апрелде [Канатбекова уурдалган күн — ред.] эле план түзгөнүн айтат. Токтакунов маркум түзүлгөн план боюнча изделгенде тирүү табылмак деген пикирде.

«Милиция Айзаданы “кинодогудай” издегендей таасир калтырат. Болгондо да издөө боюнча иш-чаранын кагазын сотко жөнөтүлгөн материалдарга тиркеп койгон. Биз бул жагдайга УКМКнын көңүлүн бурдук. Атайын кызмат бул фактыга тийиштүү баа берет деп үмүттөнөбүз», — дейт жактоочу.

Токтакунов Теңизбаевге «адам уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоо» беренелери менен айып коюлуп, ал эми Айзаданын апасы расмий түрдө жабырлануучу деп таанылганын маалымдады. Ошондой эле, Канатбекованы уурдоого катышкан төрт кишиге «Адам уурдоо» беренеси менен айып тагылып жатат деди.

Бишкек ШИИББден 2-майда кабарлашкандай, Канатбекованын иши боюнча сотко чейинки өндүрүш аяктап, иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Айзада Канатбекованын уурдалышы

Айзада Канатбекова үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Замирбек Теңизбаев жана төрт досу тарабынан никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган. Бул окуя көчөдөгү видеокамерага түшүп калган. Ушул эле күнү Канатбекованын апасы милицияга кызын уурдаган кишилерди таап, чара колдонуу боюнча арыз менен кайрылган.

Милиция эки күндөн кийин гана Канатбекованын жана аны уурдаган Теңизбаевдин сөөктөрүн Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадан табышкан. Теңизбаев Канатбекованы футболкасы менен муунтуп, андан кийин өзүн өлтүргөн.

Аталган окуя коомчулукта резонанс жаратып, алтургай Бишкек жана Ош шаарларында аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митингдер өткөн. Андан соң ИИМдин жалпы 44 кызматкери жазаланып, анын ичинен 12 жетекчиси жана кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулган.