Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Айзада табылышы керек эле — туугандары табууну суранышкан, алар милицияга кайрылып, акыйкаттыкка ишенишкен.

Айзада Канатбекова 7-апрелде муунтулуп жана зордукталган абалда табылган. Учурда Айзаданы өлтүрүү боюнча иш аны уурдап барып өлтүргөн кылмышкер Замирбек Теңизбаев дагы өлгөнүнө байланыштуу токтотулган.

Айзаданын апасы кызын өлтүрүүгө көмөкчү болгондорго татыктуу жаза берилиши үчүн күрөшкүсү келет. Ал ИИМ башчысынын отставкасын талап кылып, милициянын ала качууга карата мамилеси түбөлүккө өзгөрүшүн каалайт.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ:

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

Айзада Канатбекова өлтүрүлгөнгө чейин зордукталган — жактоочу

Айзада Канатбекова Балыкчы шаарында жерге берилди

«Билети колунда болчу». Айзада шектүүдөн кутулуу үчүн Түркияга кетүүгө камынып жаткан

«Муунткан», «үч жолу зордуктаган». Замирбек Теңизбаевден кордук көргөн курбулар