Үмүт Култаева, Сонунбүбү Кадырова, Венера Пирматова. Коллаж: «Клооп»

Алты саясатчынын суракка алынышын шарттаган кайрылуунун авторлору каттын биринчи бети бурмаланып кеткенин айтып чыгышты. Соцтармактарга жарыяланган катта маданият кызматкерлери митингдерге каршы экенин белгилеп, президент Садыр Жапаровдон бир нече саясатчыга чара көрүүнү талап кылышкан.

Аталган катта Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев баштаган жарандар «болжолдуу 17-сентябрда куралдуу төңөрүш жасап, бийликти басып алууга камынып жатышат» деп айтылган.

Ага журналист, маданияттын мыкты кызматкери Сонунбүбү Кадырова жана эстрада ырчысы Венера Пирматова кол коюп, кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова, илимпоз Үмүт Култаева, обончу жана ырчы Абас Чикеев жана эл артисти Шайгүл Алсеитованын ысымдары жазылып, «телефон аркылуу макулдугун беришкени» белгиленген.

Анткен менен катта аты аталган маданият өкүлдөрүнүн айрымдары катты көрбөгөнүн жана анын мааниси тууралуу кабарлары жок болгонун билдиришти. Ал эми президентке кайрылуу жасоо демилгесинин автору Сонунбүбү Кадырова «каттын биринчи бети өзгөрүп кеткен, баштапкы вариантында эч бир саясатчынын аты жок болчу» деп иштендирет.

«Катты көргөн да эмесмин»

Эл акыны Меңди Мамазаирова катта аты аталган инсандарды «сыйлаарын» белгилеп, «алар тууралуу жаман пикир айтышым мүмкүн эмес» деп жазды.

«Сонунбүбү Кадырова эки-үч күн мурда мага чалып “эже, Туйгунаалы Абдраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык кол коюп бересизби” деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан макул дегенмин, бирок кол коюп берген эмесмин [...] Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес», — деди ал.

Мамазаирова УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тарапташы. Анын фейсбук баракчасында Ташиев Германияга жүрөгүнө операция жасатканы кеткенде ага арнап жазган ыры да бар.

Мамазаирова фейсбукка жарыяланган каттардын арасында президентке Ысык-Көл облусунун «Ахмет Ата» коомдук фондунун кайрылуусу да бар. Алар да президенттен «30 жылдан бери алдап келген саясатчылардын митингдерине каршы туралы» деп суранышкан.

«Текстти көрсөтпөй жарыялаганы акмакчылык болгон экен»

Ал эми илимпоз Үмүт Култаева да тексттин мазмунун билбегенин айтып, Сонунбүбү Кадырова тизмеге кошууну суранганда «шашып баратып макул дегем» дейт. Бирок ал текст даяр болгондо окуп көрүп, ага карап кол коюп берүү шарты болгонун айтты.

«Мага телефон чалып, кабатыр болгон жакын санаалаштарымдан Кадырова жазган чулгандуу тексттин мазмунун уктум. Кадырова буга чейин да бир нече жолу чакырган. Барган эмесмин. Бул жолу митингге каршымын дегем [...] Кайрылуу конкреттүү адамдарга каршы багытталганын билбептирмин [...] Ал текстти [мага] көрсөтпөй жарыялаганы акмакчылык болгон экен», — деп жазды ал өзүнүн фейсбук баракчасына.

«Мен окуган текст башкача мааниде болчу»

Кайрылууга кол койгон Венера Пирматова да фейсбуктан кайрылуу жасады. Ал Сонунбүбү Кадырова катты көсөткөндө окуп көрүп кол койгонун тастыктап, бирок «каттын биринчи бети өзгөртүлүп калгандай» деп божомолдоду.

«Мен окуган кезде текст башкача мааниде болчу. Белгилүүү саясатчылардын аттары жана ок дары жөнүндө жазылгандарды көргөн эмесмин. Ал катта митингге каршыбыз жана бизге тынчтык керек деген жазууларды окуп кол койгонмун [...] Биздин колубуз экинчи баракта болчу», — деди ал.

Ал эми кайрылуунун демилгечиси Сонунбүбү Кадырова «Азаттык» үналгысына берген маегинде каттын биринчи бети өзгөрүп калган деген маалыматты тастыктады. Ал саясатчылар 100 миң кишини топтоп митинг уюштурганы жатканын «жазган эмесмин» дейт.

«Биз кол койгон барак калып калган да, биринчи бети өзгөрүлүп кеткен. Мен ал катты президенттин канцеляриясына, эшиктин оозундагы үкөккө таштагам. Ал президентке жеттиби же орто жолдон кызыкчылыгы бар башка адамдар аркылуу оңдолуп интернетке чыгып кеттиби, билбейм», — деди ал.

«Сотко берсе, болгонун болгондой айтып берем»

Кадырова Чүйдүн экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов август айынан бери эле «митингге чакырган кайрылууларды көп жазат» деп, президенттен тополоң уюштургусу келгендерди тартипке чакырып коюусун сурангысы келгенин айтты.

Ошондой эле ал башка кесиптештеринин колун койдурбаганын тастыктап, бурмаланган катты социалдык тармактарга ким таратканын билбестигин белгиледи.

«Катты таштаганым чын, бирок каттын оригиналын өзүмө сактап калбаптырмын. Сотко берсе, болгонун болгондой айтып берем. Мисалы, ошол кат чыгаары менен элдин баарын кармап атат деген сөздөр айтылып жатат. Буга чейин канча каттар жазылды. Ошол каттардын бардыгын эле ишке ашыра берсе анархия болуп кетпейби», — деп сөзүн жыйынтыктады Кадырова.

Кайрылуунун демилгечиси Сонунбүбү Кадырова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынын тизмесинде болгон.

Бирок шайлоого бир-нече күн калганда аны учурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «кеңешпей туруп тизмеден чийип салганына» даттанып кайрылуу жасаган. Кадырова акыркы жылдары саясий көз карашын активдүү билдирип келет. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин аны колдоп турууга чакырган.

Депутат Жанар Акаев сурак берип чыккандан кийин. Сүрөт: «Клооп»

«Бийликти күч менен басып алуу» иши

15-сентябрдын кечинде катта аты жазылган депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Бакытбек Жетигенов, экс-депутат Ахматбек Келдибеков, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков жана Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов суракка алынды.

Ал эми ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Алмаз Сарыбаев 14-сентябрда бийликти күч менен басып алууга аракеттенүүгө айыпталып сурактан кийин кармалды.

Алардын кармалышына «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп тараган аудио жазуу себеп болгон. Анда ыктымал Асанов менен Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирген. Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» деген.

Депутат Жанар Акаев «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн эмесмин» деп, «кымындай дагы далил жок экенин» айтты. Ошондой эле ал маданиятчылардын президентке кайрылуусу менен соцтармактардагы аудио жазуу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн негизинде суралганын белгиледи.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

«Сурактын шайлоо менен байланышы бар». Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты

ИИМде экс-спикер Канат Исаев сурак берип жатат

Видео: Депутат Алтынбек Сулайманов суракка эмне себептен чакырылганын айтты