Видео: Депутат Алтынбек Сулайманов суракка эмне себептен чакырылганын айтты

Депутат Алтынбек Сулайманов 15-сентябрда ИИМге сурак берип чыкты. Ал журналисттерге курган маегинде маданият кызматкерлеринин президентке жолдогон кайрылуусу боюнча сурак бергенин айтты. Сулайманов «шайлоо алдында чогулган командаларды алсыратуу аракети болуп жатат» деп эсептейт.

«Эч кандай далил, аргументтер жок. Ошол кайрылуунун негизинде гана сурак алып коёюн деген ой менен чакырышыптыр [...] Менин өзүмө түшүнүксүз болуп жатат. Кандайдыр-бир оюндар бар окшойт», — деди ал.

Ошондой эле Сулайманов тергөөнүн сырын ачпоо боюнча документке кол койгонун белгиледи.

Соцтармактарда бир нече маданият кызматкеринин Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөргөнү жатканын» айтып президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Алар «митингдерден тажадык» деп, президенттен аталган саясатчыларды жазалоону талап кылышкан.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. Керек болсо 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чара көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлектибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды. Тажадык», — деп жазылган катта.

Ошол эле маалда 15-сентябрда ИИМ депутат Жанар Акаев менен Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абраимовду да суракка чакырган. Абдраимов өзү журналисттерге «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сурак берерин айткан.

Кече күнү аталган берене боюнча ачылган иштин алкагында ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

ИИМ: Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалды