«Сурактын шайлоо менен байланышы бар». Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты

Депутат Жанар Акаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыкты. Сурак төрт сааттан ашык убакытка созулду. Акаев суракка Курсан Асановдун аты аталган видеого жана бир нече маданият кызматкерлери президентке жолдогон катка байланыштуу болгонун билдирди.

Ал тергөө кызматы «басым» жасабаганын белгилеп, аларга эч кандай дооматы жоктугун айтты. Ошондой эле депутат «бийликти күч менен басып алуу аракетин көргөн эмесмин» деп, «кымындай дагы далил жок экенин» айтты.

«Бирок мен өзүмдүн оюмду айттым. Ал сүйлөшүүгө, видеого тиешем жок. Экинчиден маданият ишмерлери делген эжекелердин кайрылуусу боюнча дагы “ар кандай интервьюларды берип, элди митингге үндөгөн” дегендер дагы жалган. Журналисттер силер турасыңар, кимдир-бирөөгө ошондой интервью берип, элди көчөгө чыгууга үндөп, бийликти басып алабыз деген чакырык жасаган эмесмин. Кыргызстандагы бир дагы киши аны далилдеп бере албайт», — деди Акаев.

Мындан сырткары, ал суракка чакырылган саатта келип берүү боюнча кол коюп бергенин айтты.

«Суроо-жоопторду ачыктабайм деп кол коюп кайра ачыктасам дагы кылмыш иши козголот. Ошон үчүн азыр ачыктабай турууну туура көрүп жатам. Бирок биз өзүбүздүн санаалаштарыбыз, пикирлештерибиз менен беттеген саясатыбыздан кайтпайбыз. Дайыма адилетсиздиктер, мыйзамсыз камоолор, туура эмес иштер болуп атса, айтып туруудан эч качан кайтпайбыз», — деди ал.

Ал эми «Клооптун» журналисти Алмир Алмамбетов алдыдагы парламенттик шайлоо менен сурактын байланышы барбы деп суроо узатты. Депутат «сурактын шайлоо менен байланышы бар» деп жооп берди. Ал Жогорку Кеңешке аттанып аткан партиялардын болжолдуу курамын билерин айтып, алардын арасында «Түркмөнстандагы жүгүнүп турган депутаттардай болууну каалагандар дагы жок эмес» деп билдирди.

«Азыркы алтынчы чакырылышты албетте сапатсыз, чимкирик, туура сөздү айта албайт деп баалашат, бирок кийинки парламент мындан дагы начар […] Ошон үчүн мен бизге кылмыш ишин козгоп, парламенттик шайлоого катыштырбай коюу аракети болбойт деп ишенем», — деди ал.

Суракка чакырылган саясатчылар

Ушул тапта Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовдон сурак алып жатат. Ал эми мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Бакытбек Жетигенов, экс-депутат Ахматбек Келдибеков сурак берип чыгышты.

Саясатчылар суракка бир нече маданият кызматкерлери президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу себеп болгонун айтышты.

Соцтармактарда айрым маданият ишмерлери Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөргөнү жатканын» айтып президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдогон.

Алар «митингдерден тажадык» деп, президенттен аталган саясатчыларды жазалоону талап кылышкан.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. Керек болсо 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чара көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлектибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды. Тажадык», — деп жазылган катта.

Кече күнү аталган ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Ал алгач суракка күбө катары чакырылып, андан кийин ага «үстүбүздөгү жылдын сентябрында Бишкекте массалык башаламандык уюштуруу» боюнча айып тагылган. ИИМ «Бийликти күч менен басып алуу» беренесисе боюнча сотко чейинки өндүрүш ачканы белгилүү болду.

Соцтармактарда тараган аудио

Соцтармактарда «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп аталган аудио жазуу тарап жатат. Анда ыктымал Асанов менен «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Алмаз Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирди. Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» дейт.

Ал эми депутат Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап видеодогу сөздөрдү «карандай калп» деп атады. Ошондой эле Курсан Асанов менен «көп убакыттан бери сүйлөшпөгөнүн» белгилеп, «мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам кантип бийликти басып алам» деп суроо салды.

«Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, элди ишендирип, “ушулар бир тополоң уюштурганы аракет кылып жатат” дегендей калп маалымат тараганы абдан өкүндүрөт. Анткени калп, жалган мамлекеттик деңгээлде айтылып, бул нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш», — деди ал.

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы