ИИМде экс-спикер Канат Исаев сурак берип жатат

ИИМдин алдында саясатчылардын тарапташтары чогулушту. Алардын арасында окуяны чагылдырып жаткан журналисттер да бар.

«Кыргызстан» партиясынын лидери, парламенттин экс-төрагасы Канат Исаев ИИМге сурак берүү үчүн кирип кетти. Ал кайсы иш боюнча суракка чакырылганы азырынча ачыктала элек.

Ушул тапта Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы депутат Жанар Акаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовдон сурак алып жатат. Ал эми мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, депутаттар Алтынбек Сулайманов жана Бакытбек Жетигенов, экс-депутат Акматбек Келдибеков сурак берип чыгышты.

Саясатчылар суракка бир нече маданият кызматкерлери президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу себеп болгонун айтышты.

Соцтармактарда бир нече маданият кызматкеринин Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов, азыркы депутаттар Бакыт Жетигенов, Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошова жана «Улуу Кыргызстан» партиясынын өкүлү Азамат Мусакеев 17-сентябрда «100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөргөнү жатканын» айтып президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Алар «митингдерден тажадык» деп, президенттен аталган саясатчыларды жазалоону талап кылышкан.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. Керек болсо 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чара көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлектибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды. Тажадык», — деп жазылган катта.

Кече күнү ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Ал алгач суракка күбө катары чакырылып, андан кийин ага «үстүбүздөгү жылдын сентябрында Бишкекте массалык башаламандык уюштуруу» боюнча айып тагылган. ИИМ «Бийликти күч менен басып алуу» беренесисе боюнча сотко чейинки өндүрүш ачканы белгилүү болду.

Соцтармактарда тараган аудио

Соцтармактарда «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деп аталган аудио жазуу тарап жатат. Анда ыктымал Асанов менен «Толубай» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Алмаз Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Ошондой эле аудиону чечмелеген жазууда Курсан Асанов «Жанар Акаев андан курал-жарак барбы деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо кайсы бир балдар даяр турганын айткан» делет. Бирок тасмадагы үндөрдүн сапаты өтө начар болгондуктан үндөрдү ажыратуу да, сөздөрдү түшүнүү да кыйын.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова Асановго таянып үн жазууну «монтаждалган» деп билдирди.Ал эми ИИМдин мурдагы башчысынын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова «Асанов аудиодогу сөз өткөн жылдагы октябрь окуялары боюнча болгонун айтты» дейт.

Ал эми депутат Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасап видеодогу сөздөрдү «карандай калп» деп атады. Ошондой эле Курсан Асанов менен «көп убакыттан бери сүйлөшпөгөнүн» белгилеп, «мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам кантип бийликти басып алам» деп суроо салды.

«Жанар деген сөздү эптеп алып келип чаптап, элди ишендирип, “ушулар бир тополоң уюштурганы аракет кылып жатат” дегендей калп маалымат тараганы абдан өкүндүрөт. Анткени калп, жалган мамлекеттик деңгээлде айтылып, бул нормага айланып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш», — деди ал.