Токмок, Ош жана Бишкек шаарында өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жыйынтыгынын 2021-жылдын майында жокко чыгарылышы өлкө үчүн күтүүсүз болду: олутуу окуялар болгон жок, ал эми шайлоону мурдагы шайлоолорго караганда «ыплас» өттү деп айтууга болбойт. Шайлоонуну жыйынтыгын жокко чыгаруу мыйзамга ылайык болуш үчүн БШК амалкөйлүккө барууга аргасыз болду. «Клооптун» дата-бөлүмү Боршайком кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн кандай амал колдонгонун иликтеп көрдү.
«Клооп» жергиликтүү кеңештерди шайлоодо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумда эмнелер туура эмес болгону тууралуу материалдар топтомун жарыялайт.
2020-жылдын октябрынан бери Кыргызстанда төрт ирет шайлоо жана эки жолу — Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. 28-ноябрда дагы бир шайлоо күтүлүүдө — парламенттик шайлоо.
Кыргызстанда бардык деңгээлдеги добуш берүүнү Боршайком өткөрөт, ошондой эле шайлоонун канчалык денгээлде ачык-айкын өтөөрү жана эл тандаган кишилердин бийликке келээри дал ошол комиссиянын чечиминен көз каранды.
2021-жылдын майында, жергиликтүү кеңештерди шайлоодон бир ай өткөн соң, БШК Токмок, Ош жана Бишкек шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Күтүүсүз, анткени Кыргызстанда бир гана жолу, 2020-жылдын октябрында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Андан кийин өлкөдө узакка созулган саясий кризис башталган. Өлкөнү митингдердин толкуну каптап, партияларды шайлоочуларга карата басым жасоого жана добуш сатып алууга айыптаган эл көчөгө чыккан. Акыры нааразылык акциясына чыккандар Ак үйдү басып алып, Жээнбеков отставкага кетүүгө мажбур болгон.
2021-жылдын апрелинде Кыргызстанда бул сыяктуу эч нерсе болгон жок. Шайлоонун өзү деле, бир караганда анчейин же андай деле мурдагыларына караганда «ыплас» өткөн жок.
Анда жыйынтыктарды жокко чыгарууга БШКны эмне түрткү кылды? Бишкек, Ош жана Токмок шаарында башка аймактарда катталбаган эмнелер болуп кетти?
Бардыгын билүү үчүн биз шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган аймактарда катталган ар бир мыйзам бузууну талдап чыктык. БШКга жазылган бардык арыздарды жана аларга берилген жоопторду изилдедик.
Расмий версия
Токмокто шайлоонун жыйынтыгы массалык каттого туруу болгондуктан жокко чыгарылган. Шайлоо алдында шаардагы жети участкада 624 «ашыкча» шайлоочу катталган. БШКга түшкөн арыздарга ылайык, алар депутаттыкка талапкерлерге, алардын тууган-уругуна жана партиянын үгүтчүлөрүнө таандык батирлерде каттоого турушкан. Айрым батирлерге ондогон жаңы тургун катталган. Алардын үчтөн экиси шайлоого келип, өздөрү шаарда жашабаса да Токмоктун депутаттары үчүн добуш беришкен.
Натыйжада Токмокто шайлоочулардын добуштарынын 34%ы жокко чыгарылган. Мыйзамга ылайык, эгерде калктуу аймакта добуштардын 30%дан көбү жараксыз деп табылса, анда шайлоонун жыйынтыгы шаар боюнча жокко чыгарылат.
Ош шаарындагы кайра шайлоого мыйзам бузуулардын жыйындысы себеп болгон: бул жердеги шайлоо участкаларында добуш сатып алуу, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу жана мыйзамсыз үгүт иштери катталган.
27 участкада добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган, ал шаардагы бардык шайлоочулардын 40%ын түзгөн. Ошентип, Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга туура келген.
Бишкекте шайлоонун жыйынтыгы 30 участкада жокко чыгарылган. Дагы тогуз участкада БШК көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес. Бишкектеги добуштардын 14,5%ы жокко чыгарылган — бул кайра шайлоо өткөрүүгө талап кылынган көрсөткүчтөн эки эсе аз.
А бирок Боршайком амалкөйлүккө барган. Комиссия участкалар боюнча жыйынтыкты жокко чыгарууга барбастан айрым партияларды мыйзам бузууга айыптаган. Натыйжада ал партияларга берилген добуштар жокко чыгарылган.
«Негизги себеби — НДПК, “Эмгек” жана “Ак-Бата” партияларынын күнөөсү. Ак-Бата көчөлөрдү тегиздеп бергени үчүн, “Эмгек” — админресурс колдонгону үчүн. НДПК — участкалардагы бузуулар», — деп «Клоопко» май айында Бишкек АШКсынын башчысы Кайрат Маматов билдирген.
НДПК, «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларына Бишкектеги шайлоочулардын 45%ы добуш берген. Натыйжада борбор калаадагы шайлоо толугу менен жокко чыгарылган.
Кубулуу
Тилекке каршы, мыйзам бузуу боюнча иликтөөлөрдүн чоо-жайы Боршайкомдун сайтына жарыяланбайт. Даттануулар, ага тиркелген далилдер жана БШКнын ага берген баасы талдоо үчүн жеткиликсиз. БШК кайсыл талаптарга ылайык бир участкада шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, башка участкада жокко чыгарылбаганын аныктоо мүмкүн эмес.
Бирок, кээде БШКнын сайтынан комиссия чечимдерин өзгөртүп жатканын күбөлөндүргөн документтерди табууга болот.
Бир мисал келтирсек: Шайлоо күнү «Клооптун» Оштогу байкоочулары № 5271 шайлоо участкасында добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганын катташкан. Биз бул участкада шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүп арыз жазганыбыз, бирок БШК баш тартып койгон.
Кийин Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганда Боршайком жогоруда аталган участкадагы жыйынтыкты дагы жокко чыгарган. Себеби катары катары добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы көрсөтүлгөн. Бирок, БШКнын маалыматына ылайык, бул участок боюнча «Клооптон» башка эч ким арыз жазган эмес. Демек, комиссия чечимин өзгөрткөн деп айтсак болот.
Башка участкалар боюнча да ушундай эле окуялар бар: «Клооп» мыйзам бузууну каттап арыз жазат, БШК жыйынтыгын жокко чыгаруудан баш тартат. Ал эми бир айдан соң — жокко чыгарат. Эмнеге андай экени — табышмак.
Сокур БШК
Ош жана Бишкек шаарындагы тогуз шайлоо участкасында идентификациядан өткөн шайлоочулардын саны бюллетень алгандардын санынан аз болуп чыккан. Башкача айтканда, кырк киши текшерүүдөн өтсө, элүү адам бюллетень алган. Бул бурмалоо болгонунан кабар берет. Ошондуктан БШК аталган участкаларда, андан соң шаарлардагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну чечкен.
Бирок бул жагдай уникалдуу болгонбу?
Биз башка шаарлардагы идентификациялык системасынын дүмүрчөктөрүн жана жыйынтык протоколдорун талдап, ушундай эле ондогон мыйзам бузууларды таптык. Кара-Сууда эле дүмүрчөктөр менен протоколдогу маалыматтар дал келбеген 19 участок бар. Жалал-Абадда мындай тогуз участок бар.
Кара-Суудагы үч участкада бюллетендин саны шайлоочулардан көп болуп чыккан. Мындай мыйзам бузуу үчүн Боршайком Ош шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып гана койбостон, комиссиянын курамын кайрадан түзгөн.
Мыйзам бузуунун башка түрлөрү боюнча дагы мисалдар бар. Бул Ош шаарындагы бир участкадагы добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу боюнча видео-далил. Ал жерде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.
А бул болсо Талас жана Ноокаттагы ошондой эле мыйзам бузуулар. Булар боюнча дагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен арыз жазылган, бирок БШК баш тарткан.
Ош шаарында байкоочуларга болгон басым шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келген.
Нарын жана Ысык-Көлдөгү ошондой эле мыйзам бузуулар — БШК аларга эч кандай чара көргөн эмес.
Жокко чыгаруу үчүн жол берүү
БШКнын чечимдеринин арасында өтө таң калычтуулары бар. 7-апрелде, добуш берүүгө бир нече күн калганда БШК добуш сатып алганы үчүн «Ак-Бата» партиясынын талапкери Айжан Беккоёнованын каттоосун жокко чыгарган: шайлоонун алдында ал Бишкектеги жолдорду оңдоо ишин уюштурган. Ал кезде партияга эскертүү берилип, бирок шайлоого барууга уруксат берилген.
Бир айдан соң партияга берилген добуштардын баары жокко чыгарылган. Ага Беккоёнованын иши формалдуу себеп болуп берген.
Кийинчерек пара алууга айыпталып, шайлоодон четтетилген Беккоёнова менен анын партиядагы үзөңгүлөшү Кадыралиеваны, «Ак-Бата» партиясынын мурдагы өкүлү Азамат Жапаровдун айтымында, сот актаган.
Кысымбы, коркуубу же жалаабы?
НДПК партиясынын төрагасы Артур Медетбеков БШКнын добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин партияга карата саясий кысым көрсөтүү деп эсептейт.
«Албетте кысым болгон. Партияны жөн жерден алып таштап, күнөөлөп, партиянын кээ бир мүчөлөрүн жөн жерден укук коргоо органдары чакыртып, суракка алып, түшүнүк кат жазып берүүсүн суранганы — бул дагы кысым», — дейт Медетбеков.
«Ак-Бата» партиясынын мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Жапаров БШК коомдук пикирден корккондуктан чечим чыгарды деп эсептейт.
«Билесиңерби, алар массалык толкундоолордон коркушту, өзүңөр билгендей, таза эмес өткөн шайлоонун айынан күзүндө революция келип чыккан. Ошондуктан, барынын көңүлүн орутпаш үчүн шайлоону таптакыр жокко чыгарышты», — деп болжогон Жапаров.
«Эмгек» — үч партиянын арасынан кайра шайлоого катышкан жалгыз партия. «Эмгек» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон Руслан Шаршенбай уулу партиясынын добуштары атаандаштар тарабынан берилген далилсиз даттануулардан улам жокко чыгарылган дейт.
«Шайлоо адилеттүү болот деп үмүттөнгөнбүз — ошондой эле болду. Эми, кайсы бир себеп менен аларга [башка партияларга] адилетсиз өткөндөй сезилиптир. Бирок экинчи ирет биз аны [шайлоочулар партияны колдоп берерин] далилдедик»,— деп билдирди Шаршенбай уулу.
БШК айыптаган бир дагы партия мыйзам бузууларды мойнуна алган жок. Үч партия тең комиссия добуштарды жокко чыгарууда эч кандай далил бере алган эмес деп айтууда.
«Эмнеге аларды четтетип салууга болбосун?»
Саясат талдоочу Айдар Раев өлкө бийлиги БШКнын добуш берүүнү жокко чыгаруу чечими аркылуу Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга элдин катышуусун камсыздап берген партиялардан арылып, бирок бийликчил партияларга Бишкек шаардык кеңешинде орун алууга мүмкүнчүлүк бербей койду деп эсептейт.
Раев эмне жөнүндө айтып жатат? «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы [УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге байланышы бар делген партия] 11-апрелдеги шайлоодо төртүнчү орунду, кайрадан шайлоодо «Эмгек» партиясынан кийинки экинчи орунду ээледи. Ал эми негиздөөчүлөрүнүн арасында Садыр Жапаровдун кеңешчиси бар «Ишеним» партиясы апрелдеги шайлоодо босогодон өтпөй калган, бирок кайра шайлоодо алдынкылардын катарына илинип, үчүнчү орунду камсыздаган.
«Бийликчил партиялар алдыга чыга алган жок. [Ошондуктан] «Ак-Бата» менен НДПКны, [Бишкектин] мурдагы эки экс-мэрлеринин партияларын алып салды. (Алар кайра добуш берүүгө катышкан жок — «Клооп»). Бул алдыдагы [саясий] талааны тазалап берген», — деди Раев.
Элита көзөмөлдөгөн НДПК, «Ак-Бата» жана «Эмгек» партияларынын участкаларга шайлоочуларды тартып келүүгө жетиштүү ресурстары болгон, кийин анын кажети жок болуп калган деп эсептейт эксперт.
«Салымбековдун “Эмгек”, Түлеевдин “Ак-Бата” жана Суракматовдун НДПК партиясы — [аларды көзөмөлдөгөн] олигархтар, алар деген бизнесмендер. Алар “уруксат” албаган жерге инвестиция кылышпайт. Аларга кандайдыр бир кепилдик берилген, ошондуктан көп каражат коротушкан. Кийин бийликке “эмнеге аларды четтетип салууга болбосун?” деген идея келген. Көздөгөн максатка жетти: референдум өттү, добуш берүүгө келгендердин саны мыйзам талап кылган 30 пайыздан жогору болду, бийлик башкаруучу топтун колуна топтолуп берди», — деп түшүндүрдү Раев.
Раев БШКны көз карандысыз деп айтууга болбосун дагы билдирди. Өкмөткө баш ийбеген Гүлнара Журабаевадай мүчөлөрүн комиссиядан чыгарып салышкан. Ал эми Нуржан Шайлдабекова бийликке ыктаганын далилдеп берип, ордун сактап калды дейт ал.
«[Нуржан] Шайлдабекова БШКнын лидерлигинде болгон, октябрь жана апрель айларындагы эң эле коррупциялашкан шайлоолордун, референдумдун дагы башында турду. Ал бийликке ыктаганын далилдеген, ошондуктан дагы деле [БШКны] жетектеп келет», — деп билдирди оюн эксперт.
Шайлоолордун өкүмдары
Тагдырдын тамашасындай БШК жыйынтыгын жокко чыгарган шайлоо менен бир күндө кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, БШКнын курамынын теңин — он эки кишинин алтоосун — президент дайындайт.
Жайдын башында президент Садыр Жапаров парламентке шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун киргизген, ага ылайык, депутаттар аралаш система боюнча — партиялык тизме жана бир мандаттуу округ боюнча шайланат. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун колдоп, август айынын башында Жапаров ага кол койгон.
Бирок бул озгөрүүлөргө чейин бийликти көздөгөн саясий топтор маанилүу чечимдерди ким кабыл аларын билип алышкан. Бири бирине БШКга арызданган кээ бир партиялар өз билдирүүлөрүн «Урматтуу Садыр Нургожоевич...» деген сөздөн баштап турушкан.
БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева дагы БШКны көз карандысыз орган деп атоого болбойт деп эсептейт.
«Президент жоопкерчиликти толугу менен өзүнө аларын айтканын билем, ага ылайык, элестетип көрүңүз, ал БШКнын курамынын жарымын, алты кишини өзү дайындап жатса, анда БШКнын жок дегенде жарымы президентке ыктайт да», — дейт ал.
Авторлор: Айгерим Казыбаева, Айзирек Алмазбекова,
Гульзар Маратбек кызы, Аяна Сыдыгалиева.
Кыргызчалаган: Алмир Алмамбетов, Найзабек Мукамбетов
Дагы окуңуз:
Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу эмнеге референдумга да таасир этиши керек эле?
Эмнеге Кыргызстанда референдум шайлоо менен бир күндө өтөт?
Анализ: 11-апрелдеги шайлоодо жүздөгөн протоколдор оңдолуп чыкканы аныкталды