«Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан» партиялары шайлоонун жокко чыгарылышына даттанды

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы «Клоопко» «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиялары Бишкек АШКсынын калаадагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу туууралуу чечиминин үстүнөн БШКга даттанганын кабарлады.

Бирок кийинчерээк «Ынтымак» өз арызын чакыртып алган.

БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу жөнүндөгү аймактык комиссиянын чечиминин өзү Боршайкомго 14-майда, жума күнү келип түшкөн.

«Бүгүн жолугушуу пландаштырылууда, анда биз арыздарды жана Бишкек АШКсынын токтомун карайбыз. Бирок убактысы белгисиз», — деп 24.kg басылмасына Тынчтык Шайназаров билдирген.

Ошондой басма сөз кызматтан БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өлкөнүн түштүгүндө болгондуктан жыйын өткөрүлчү күн жана анын өтө турган сааты белгилене электигин кошумчалашты.

Бишкектеги шайлоонун жыйынтыгы

Бишкекте 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 26 партия ат салышкан. Алардын ичинен 7% босогодон болгону алты партия өткөн: «Эмгек», «Ак-Бата», НДПК, «Ата-Журт Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Биздин Эл».

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда Бишкек шардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Алгач Бишкек АШКсы 19-апрелде НДПК партиясы үчүн берилген жобуштарды жараксыз деп тааныган.

Андан соң 12-майда дагы эки саясий партия, «Ак-Бата» жана «Эмгек» боюнча добуштардын жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан. Бул партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы үч оорунду ээлеп, бардыгы болуп 45 мандаттын ичинен 27 мандатты алышмак.

«Негизги себеби — НДПК, “Эмгек” жана “Ак-Бата” партияларынын күнөөсү. Ак-Бата көчөлөрдү тегиздеп бергени үчүн, “Эмгек” — админресурс колдонгону үчүн. НДПК — участкалардагы бузуулар», — деген Бишкек АШКсынын башчысы Кайрат Маматов.

Бул партиялар үчүн берилген добуштар 45%ы түзгөн, ошондуктан мыйзам боюнча кайрадан шайлоо өткөрүлүшү керек.

Буга чейин Боршайком Ош жана Токмок шаарык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Бирок бул Конституцияга өзгөртүү киргизүү референдум менен шайлоо бир күндө болгонуна карабастан референдумдун жыйынтыгына таасир эткен эмес.