Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.
Демократия тууралуу
Тарыхый ченемдер боюнча бул кыска убакытта демократиянын* мамлекеттик өнүгүү модели катары калыптанышы жана күчтүү жарандык коом республиканын негизги жетишкендиги болуп эсептелет. Менимче, мындай баа берүүмө көпчүлүк макул болсо керек. Биз демократиялык жолдон кайтпайбыз деп ишендирип кетким келет. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы.
*Чындыгында өлкөлөрдүн демократия боюнча дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү начарлады. Кыргызстан «Борбор Азиядагы жалгыз авторитардык эмес, бирок ага жакындап бара жаткан мамлекет» деп аталган.
Октябрь окуялары — тарыхтын жаңы этабы
Жакында өлкөнүн азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына* бир жыл толот. Бир жыл ичинде биз коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алдык. Ошондой эле, президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктары эл аралык коомчулук тарабынан, анын ичинде ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тарабынан таанылды.
*2020-жылдын 5-октябрында эл парламенттин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп аянтка чыккан. Нааразылык акциясын кууп таркатуу аракети Ак үйдү жана УКМКны басып алууга алып келген. Анда колонияда отурган Садыр Жапаров бошотулган — он күндөн кийин ал премьер-министр болуп дайындалууга жанаошол убактагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду оставкага кетирип, президенттин м.а. болууга жетишкен. Жапаров өкмөт башчысы болуп дайындалган күнү аны менен кошо абактан бошонуп чыккан башка саясатчылар кармалып, абакка кайтарылган — мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Бир жылдан кийин жагдай мындайча өзгөргөн — Атамбаевге жана октябрь окуясындагы нааразылыктардын катышуучуларына айыптар тагылган. Ал эми орусиялык журналисттерге абакта отуруп революция кылдым деп билдирген Жапаровдун өзүнө укук коргоо органдары эл алдында доомат койгон эмес.
Кыргызстан – хаб
Борбор Азия мамлекеттери географиялык жайгашуусунан улам илгертен эле, Улуу Жибек жолунан азыркы күнгө чейин «Чыгыш-Батыш», «Түндүк-Түштүк» каттамдарын байланыштырган көпүрө болуп келет. Биздин регион деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабастан, ишенимдүү түрдө дүйнөлүк сооданын маанилүү хабдарынын бирине айланууда. Борбор Азия өлкөлөрүндө эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүү, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды түзүү ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.
(…) Бүгүнкү күндө Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирлик өлкөлөрүнүн, Борбордук Азия, Кытай Эл Республикасы жана Европа бирлиги ортосундагы транзиттик жүктөрдү Карачи, Бендер-Аббас жана Кара деңиз портторуна өз мөөнөтүндө жана алгылыктуу баада жеткирүүнү камсыздай алат. Эл аралык логистикалык бизнести көп пландуу кызматташтыкка, анын ичинде мультимодалдык ташуу тармагында дагы кызматташууга чакырам.
Дагы окуңуз: Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында эмнелерди сунуштады?
Коронавирус тууралуу
Бийлик тарабынан калктын, айрыкча, медицина кызматкерлеринин өмүрү менен саламаттыгын сактоо үчүн зарыл чаралар көрүлүп жатканын белгилейм. Жарандарды эмдөө иштери толук кандуу жүрүп жатат. Коомчулукка эмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өлкөдө дүйнөлүк түрдүү өндүрүүчүлөрдүн вакциналары бар.
*Өлкө боюнча чындап эле эмдөөнү колдоо кампаниялары жүрүп жатат, бийлик буга чейин бир нече жолу эмдөө жай өтүп жатканына нааразы болгон.
Кредиттер жана инвесторлор жөнүндө
Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруунун өз убагында жана толук көлөмдө аткарылбай калышынын себептеринин бири болуп калды. Биз пандемия менен күрөшүү жана тышкы карызды төлөө үчүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарындагы программалар аркылуу багытталган каражаттарды башка жакка бурууга мажбурбуз. Ушуга байланыштуу, биз эки жана көп тараптуу насыя берүүчүлөрдү Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды жеңилдетүү демилгелерин колдоого чакырабыз.
*Коронавируска каршы күрөшүүгө багытталган ресурс кайда, кантип бөлүштүрүлгөнүн төмөнкү материалдардан таанышсаңыз болот: COVID-19га каршы чогулган гумжардам кампаларда чаң басып, ооруканаларга берилбей турат, «Текшергендей силер кимсиңер?» Кыргызстанга берилген гумжардам тууралуу маалыматты донорлор дагы жашырууда
Бул долбоорлор биринчи кезекте уникалдуу тоо экосистемасынын бүтүндүгүн, анын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана климаттын өзгөрүшүнүн натыйжасында тездик менен талкаланып жаткан мөңгүлөрдү сактоого багытталган. Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар.
*Жебени ачык эле «Кумтөргө» буруп жатат. Кумтөр кенинин айланасындагы чыр өлкө жетекчилиги Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындагандан кийин бир нече айдан бери уланууда. Мындан тышкары, кыргыз бийлиги менен Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда сот уланып жатат. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалап келет.
Улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюуда. Ошону менен бирге маселен, зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды утилдештирүү сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болушууда.
*Кыргызстанда негизинен калдык сактоочу жайлар менен күрөш чет элдик донорлордун эсебинен жүрөт. Мисалы, Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы Миң-Куш жана Шекафтардагы уран калдыгын сактоочу жайларды реабилитациялоого каражат бөлсө, ЕАЭБ Ысык-Көлдүн Кажы-Сай аймагындагы калдык сактоочу жайды каржылаган. Евробиримдик бир гана Кыргызстандагы эмес, Өзбекстан жана Тажикстандагы дагы калдык сактагычтар менен күрөшүүнү көздөйт. Ал үчүн Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы 2016-жылы Борбор Азиядагы Экологиялык реабилитация фондун ачкан.
Климат жөнүндө
Тоолуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу жана негизги көйгөйлөрдүн бири - климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу болуп саналат. Биз көмүр кычкыл газын сиңирүү табигый функциясы менен бирге суу ресурстарын сактоодо да өтө маанилүү роль ойногон тоолуу токой аймактарын коргоого жана көбөйтүүгө чоң маани беребиз. Буга байланыштуу БУУнун жетекчилиги астында тоо токойлорун сактоо, тоо этектерин калыбына келтирүү жана токой өстүрүү боюнча максаттуу программаны иштеп чыгууну жана кабыл алууну жактайбыз.
*Кыргызстанда токойлуу аймактар анча көп эмес, колдо бар токойлор шалаакылыктын, кыюуунун жана табият кырсыктарынын кесепетинен жабыр тартып келет. 2021-жылдын сентябрь айында, мисалы, Чоң-Кемин өрөөнүндө 40 гектарга жакын токой өрттөнүп, тилсиз жоо менен күрөшүү бир нече күнгө созулган.
Жогоруда айтылгандай, Кыргызстандагы кылым карыткан мөңгүлөр, дарыялар жана тоо экосистемасынын биоартүрдүүлүгү да жоголуу коркунучунда турат. Быйыл ЮНЕСКОго «Тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө» резолюцияны демилгелеп жатабыз жана ошол эле учурда Кыргызстан аркылуу киргизилип, жакында эле БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан бекитилген «Табият чек араны тааныбайт» аталышындагы токтом жоболорун аткаруу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштеп жатабыз. Бул боюнча үмүт артарлык жетишкендиктер бар. Мисалы, ак илбирс асыл жаныбары байырлаган өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында ак илбирс тукумунун жок болуп кетишине жол бербөө мүмкүн болду.
*2020-жылдын июнь айына карата, дүйнөдө 4000ден 7500гө чейин сандагы ак илбирс калды. Кыргызстанда алардын саны 300-350 баш деп, айрым булактарда 400-450 деп айтылып жүрөт.
Жашыл экономика жөнүндө
Кыргыз экономикасы акырындык менен «жашылданып жатат» , көмүрү жок энергия булактары барган сайын көбүрөөк ишке киргизилет, бул биринчи кезекте гидроэлектр станцияларында ишке ашырылат. Кыргызстан өз аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоо максатында экологиялык таза энергия булактары болгон ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду акырындык менен жүзөгө ашырууга ниеттенүүдө.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө заманбап, экологиялык жактан таза жана арзан энергия менен камсыз кылууга жетишүү 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү документинде көрсөтүлгөн глобалдык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү. Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикага болгон муктаждыгын канааттандырат. Ошону менен биздин бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенебиз. Суу-энергетика комплексинде, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде, Париж келишиминин духунда өз ара пайдалуу кызматташууга инвесторлорду чакырам.