Бишкекте 10дон ашык унаанын айнеги талкаланып, баалуу буюмдар уурдалды

Социалдык тармактарда борбор калаадагы 12-кичи райондун жашоочулары айнектери талкаланган автоунааларды көрсөтүп берген видео тарап жатат. Алардын айтымында, белгисиз адамдар бир түндө 10дон ашуун унаанын айнегин талкалап, баалуу буюмдарын уурдап кетишкен.

Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, 7-октябрда коңшу «Асанбай» кичи районунун тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, 7-октябрга караган түнү белгисиз адамдар унаасынын алдыңы айнектерин талкалап, акча салынган капчыгын уурдап кетишкен.

Милиция «уурулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштады. Күнөөлүүлөр табыла элек. Тергөө уланууда.