Айыл чарба министрине, Чүйдүн башчысына жана суу агенттигинин директоруна сөгүш берилди

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жарыбеков менен президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеевге сөгүш берди.

Аскарбек Жарыбеков. Эркин Тентишев. Алмазбек Сокеев.

Жапаров жыйында айыл чарба министри менен анын орун басарлары азык-түлүк коопсуздугунун абалына «керт башы менен жооп берерин» билдирди. Мындан сырткары президент жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин сугаруу иштери талапка ылайык жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.

«Күн-түн дебей жең түрүнүп иштешиңиздер керек. Биз урушпайбыз, бүгүнкүдөй биринчи жолу сөгүш беребиз, экинчи жолу катуу сөгүш беребиз. Үчүнчү жолу да оңолбой, ишти аткарбасаңар, кыянаттык кылып, кайдыгер мамиле кылганыңар үчүн кызматтан алып эле тим болбостон, камап коёбуз», — деп эскертүү берди Жапаров.

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттик администрациянын басма сөз кызматы.

Ошондой эле, президент айыл чарба министрине 2022-жылдын январына чейин 2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздук ишке ашыруу, тамак-аш программасына кылдат маниторинг жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды.

Жапаров, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги дыйкандарга мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттарды, кредиттерди көзөмөлдөшү керек экенин кошумчалады.

Ал эми Аскарбек Жаныбеков аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, бийликтен колдоо болбосо айыл чарбаны өнүктүрүү кыйынга турарын билдирди.

«Кыргызстанда айыл чарба тармагы мындан ары улаганга мүмкүн болбой калган денгээлге жеттик. Сиз айткан сын пикирлерди моюнга алабыз. Бирок колдоо болбосо айыл чарбасын өнүктүрүү кыйынчылыкка турат деп эсептейм», — деп белгиледи айыл чарба министри.

Аскарбек Жаныбеков 57 жашта, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылынан. Ал 2021-жылдын февраль айында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине сунушталып, 3-февралда министр болуп дайындалган. Ал 2012-жылы дагы айыл чарба жана мелиорация министри болгон.

Тема боюнча:

Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электрдин тарифин төмөндөтүүнү тапшырды

Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары коррупцияга шектелип кармалды