Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электрдин тарифин төмөндөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров. Сүрөт: Өлкө башчысынын басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында көптөгөн маселелерди талкуулоого жетишти. Ал электр энергиясынын тарифи боюнча маселеге да токтолду.

Алсак, жыйын учурунда ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифин төмөндөтүп берүүнү тапшырды.

«1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле», — деди Жапаров.

Ал калган 27 тыйыны мамлекеттик бюджеттен субсидия кылынып төлөнөрүн кошумчалады.

Аны менен катар Жапаров министрликтерге 2022-жылдын 1-январынан тартып электр энергиясын төмөн баада колдоно турган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн аты-жөнү менен даректерин тактоо тапшырмасын берди.

«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», — деп билдирди ал.

Президент мамлекеттик мекемелерге аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаңы жылдан кийин ун, май жана кумшекер таркатууну да тапшырды.

Коомчулукта электр энергиясынын кризиси жана тарифтерди көтөрүү маселеси талкууланып жатканына жарым жылдан ашты. Бийлик өнөр жай жана коммерциялык объектилер үчүн тарифтерди көбөйткөн — алар үчүн жаңы тарифтер 15-октябрдан тартып күчүнө кирген.

Бирок кийинки жылытуу мезгилинен тартып тарифтер катардагы керектөөчүлөр үчүн да 10%га көбөйөт.

Тарифтерди көтөрүү

Электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин биринчилерден болуп президент Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 2021-жылдын апрелинде ал жаңы тарифтик торчону сунуштаган, бирок кийинчерээк энергетика министрлиги аны кайра карап чыккан.

Анда ведомство «Электр энергиясынын 2021-2025-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаты» жөнүндө мыйзам долбоорун жарандар менен депутаттардан келген көптөгөн кайрылуулар боюнча кайра иштеп чыкканын кабарлаган.

Натыйжада министрлик катардагы жарандар үчүн тарифтерди азырынча көтөрбөй турууну чечкен.Ошол эле кезде бизнес-коомчулук дагы бир нече жолу бийликке кайрылып, ишкерлер үчүн электр энергиясына болгон тарифтик планды кайра карап чыгууну суранган. Анда жергиликтүү компаниялар айласыз жагдайга туш болуп калышы мүмкүндүгү белгиленген.

Андан тышкары, JIA бизнес-ассоциациясы жаңы долбоордо цемент чыгаруу өнөр жай субъектилери майнинг-фермаларга теңелип калганына тынчсызданган.