Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК 26-октябрда Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министринин азыркы орун басары Илич Марсбек уулун жана мурдагы орун басары Амангелди Исаевди кармады. Алар «Коррупция» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түштү.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр материалдык пайда алуу максатында бир нече жыл бою жеке компаниялар менен өз ара сүйлөшүп алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө азык-түлүк экспорттоодо «жасалма тоскоолдуктарды жаратып жүргөн».

Аткаминерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Илич Марсбек уулу жана Амангелди Исаев

Илич Марсбек уулу жана Амангелди Исаев

38 жаштагы Илич Марсбек уулу Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министринин орун басары болуп, үcтүбүздөгү жылдын март айында дайындалган. Ага чейин бул кызматты Жаныбек Керималиев аркалап келген.

Марсбек уулу бул кызматка дайындалганга чейин айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментин жетекетеген.

Ал эми 53 жаштагы Амангелди Исаев 2016-жылдан 2019-жылга чейин министрликтин жогорудагы департаментин башкарган. 2019-жылдын июнь айынан 2020-жылдын декабрына чейин Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун болуп иштеген.

УКМК буга чейин, 12-октябрда, аталган иш боюнча ишкер Эркин Салымбековду кармаган.

«Мунун кесепетинен айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз продукциясын ЕАЭБдин аймагына тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан», — деп билдиришкен УКМКдан.

Эркин Салымбеков «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун иниси. Салымбековдордун үй-бүлөсүнө өлкөдөгү «Дордой» базары жана башка бир катар ар башка тармактардагы бизнестер таандык. Салымбеков «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү жана лидери.