Бишкектин четиндеги «Дордой-Моторс» базарынын 200дөн ашык соодагери 27-декабрда нааразычылык акцияга чыкты. Алар көзөмөл-кассалык машина (ККМ) киргизүүгө каршы экенин айтып, минкабдан бул чечимди кайра карап чыгууну талап кылышууда.
Соодагерлер эмне дейт?
Митингге чыккан Базар кызматкерлери профсоюзунун төрагасы Зиябидин Максутов 24.kg басылмасына курган маегинде көзөмөл-кассалык машиналар киргизилсе, соодагерлер азык-түлүккө болгон бааны жогорулатууга мажбур болушарын билдирди.
«Бул азык-түлүккө болгон баанын жогорулашына алып келет. Макул, бааларды көтөрөлү, эл кандай кылат? Азыр ансыз да баары кымбат. Эгер баалар дагы жогоруласа, айрымдары эң керектүү азык түлүктөрдү да сатып ала албай калат. Баягы кыйын учурдагыдай эле, элди ойлоп атабыз биз. Мисалы пандемия учурунда өз өмүрүбүз коркунучта болсо дагы, иштедик», — деди Максутов.
Ал эми дагы бир митингчи соодагерлер көзөмөл-кассалык машинанын иштете албасын белгилеп, ал киргизилсе базардын иши токтой турганын кошумчалады.
«Биз президенттен сурайбыз, бизге шарт түзүп берсин. Эл өзүнүн курсагын өзү тойгузуп жатканда тийбесин. ККМде иштей албайбыз. Биздин базар токтойт, иштебейт мындан ары. Базарды иштете албай калабыз. Бизге же завод-фабрика ачып берсин. Бизге жумуш ордун түзүп берсин», — деп билдирди митингчилердин бири.
Буга чейин, 22-декабрда «Таатан» базарынын соодагерлери бийликтин көзөмөл-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүү демилгесине каршы болуп, митингге чыгышкан. 23-декабрда Токмоктун жеке ишкерлери жана «Дордой» базарынын соодагерлери ККМди милдеттүү колдонууга каршы нааразычылык акция уюштурушкан.
Салык кызматы кандай жооп берген?
Мамлекеттик салык кызматы митингге чыккан «Таатан» базарынын соодагерлерине жооп берип, ишкерлер 2021-жылдын 1-январынан тартып «жаңы стандарттарга жооп берген көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү» экенин айткан.
«Ал эми 20 чарчы метрге чейинки соода аянтчасы бар соода түйүндөрү үчүн ККМди колдонуп баштоо убагы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленген», — деп айтышкан ведомстводон.
Салык кызматындагылар учурда «айрым адамдар салык мыйзамдарынын ченемдерин аткаруу жөнүндө мыйзам талаптарын бүтүндөй бизнеске кысым жасоо катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат» деп эсептешет.
«Кечээки митингдин катышуучулары жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, атайылап коомчулукту үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык», — деп билдиришкен ведомстводон.
Салык кызматынан белгилешкендей, ККМ* — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири.
*Көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) – банктык төлөм карточкалары жана чектери, электрондук жана накталай акча каражаттары аркылуу кызмат көрсөтүү жана иштерди аткаруу же соода операцияларында жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөрдү пайдаланууга багытталган фискалдык эстутуму бар техникалык (аппараттык-программалык) каражаттар.
Ведомстводон учурда ККМдин эки — аппараттык жана программалык түрлөрү колдондонулуп жатканын эске салышты. ККМди жүктөп алуу акысыз — система смартфонго, планшетке жана компьютерге орнотулат. Ал эми сатуучуга дүмүрчөк берүү үчүн дүмүрчөк чыгарган принтерди сатып алганы гана жетиштүү.
Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина
Президент Садыр Жапаров 6-декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМдерди колдонууга милдетүү.
Бул тууралуу буга чейин экономика министри Данияр Амангелдиев дагы айткан.
«Эгер жаңы Салык кодекси күчүнө кирсе, базарлардын соодагерлери салыктардан бошотулат. Негизгиси, алар дүмүрчөктөрдү колдонуп, ККМ колдонушу керек болот. Алар салык төлөшпөйт. Кичи жана орто бизнес толук корголот. Боз тарабын көмүскөдөн чыгарыш керек. Эгер жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса, алар башка салык режими менен иштешет», — деген ал.
Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп жатат.