Сокулукта ур-токмокко кабылган эки жашар бала ооруканага жаткырылды

Иллюстративдик сүрөт.

3-февралда Сокулук райондук ооруканасына ур-токмок жеген эки жашар наристе жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сабалган наристе ооруканага түшкөнү тууралуу райондук милицияга 3-февраль күнү кечки саат тогузда маалымат түшкөн. Факты Сокулук РИИБине катталып, керектүү экспертиза дайындалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Өткөн жылы май айында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда үч жашар бала ур-токмоктон каза болгон. Окуя тууралуу милицияга аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн кабарлашкан.

Милиция кызматы баланы багып жүргөн 33 жаштагы М.Г аттуу аялды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Күбөлөрдү суракка алууда чарчап калган баланы апасы шектүүгө калтырып, өзү Орусияга иштегени кеткени аныкталган.

Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-майда болжол менен саат 12:00 чамасында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн, ал эми маркумдун денесиндеги тактар ал аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгон.

Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Балага карата зордук-зомбулук

Иллюстартивдик сүрөт. Александра Титова

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.

ЮНИСЕФтин маалыматы ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор жана тоотпогон мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот.

Ал эми изилдөөлөргө ылайык, өспүрүмдөргө жасалган аёосуз мамиленин үчтөн экиси алардын жакындары, ата-энеси, туугандары тарабынан болорун көрсөткөн.

Эмнеге балдар өз жакын адамдары тарабынан зомбулукка кабылып жатышат? Мунун негизги себеби — балдарды тарбиялоодогу туура эмес ыкмаларды колдонуу жана коомдун кайдыгерлиги. ЮНИСЕФдин маалыматы боюнча ата-энелердин жана асыроочулардын 70% балдарына кыйкырса, ал эми 48% уруп же сабашат, кээ бир учурларда бул узакка созулат.

Психологдордун айтымында, балдардын зомбулукка кабылышы — чоң трагедия. Анткени жашында кордук көргөн баладан кийин мээрим күтүүгө болбойт. Ал өзү кабылган зомбулук мамилени кийин ошол эле ата-энесине же балдарына жасашы толук ыктымал.

Тема боюнча:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт