Ысык-Көл облусу: Энеси Орусияда иштеп жүргөн 3 жашар наристе ур-токмоктон каза тапты

Жети-Өгүз районунда ур-токмоктон үч жашар бала каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

«15-майда болжол менен саат 12:32лер чамасында Кызыл-Суу айылынын 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г. аттуу тургундары ооруканага эс-учун жоготкон, денесинде көк-ала тактары бар 3 жаштагы баланы алып келишкен. Денесинен жаракат алган бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай эсине келбей каза болгон», — деп билдиришти ИИБден.

Окуя тууралуу милицияга аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн кабарлашкан. «Ур-токмокко алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Аталган фактынын себебин жана чоо-жайын аныктоо үчүн окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө тобу жөнөп кеткен, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Соттук-медициналык эксперттин алдын ала маалыматтарына ылайык, наристе жабык мээ жаракатын, башынан туюк жаракат алган. Алдын ала корутундунун негизинде сотко чейинки өндүрүш «Ден соолукка оор зыян келтирүүдөн улам этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренеси боюнча квалификациясы өзгөртүлгөн.

Милиция кызматы баланы багып жүргөн 33 жаштагы М.Г аттуу аялды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Күбөлөрдү суракка алууда чарчап калган баланы апасы шектүүгө калтырып, өзү Орусияга иштегени кеткени аныкталган.

Баланы карап жүргөн аялдын айтымында, 15-майда болжол менен саат 12:00 чамасында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн, ал эми маркумдун денесиндеги тактар ал аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгон.

Шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө амалдары улантылып жатат.

Тема боюнча:

«Сизде тандоо бар, менде жок». Балага карата зомбулукту кантип аныктаса болот? — интерактивдүү оюн

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт