24-февраль түнү орус аскерлери Украинага бастырып киришкен. Ушундан кийин көпчүлүк батыш өлкөлөрү Орусияга каршы олуттуу экономикалык жана технологиялык санкцияларды киргизишти.
Мунун баары биринчи кезекте валюта рыногуна таасирин тийгизди. Кол салуудан бир нече саат өткөндөн кийин рублдун куну кескин түшүп, тарыхтагы эң төмөнкү көрсөткүчүн бир нече жолу жаңылады. Рублдун артынан эле Кыргызстандын улуттук валютасынын да курсу төмөндөй баштады.
Эмне үчүн доллар кымбаттап жатат?
24-февраль күндүз, башкача айтканда кол салуу болгон күнү Бишкекте АКШ доллары 85 сомдон 95 сомго көтөрүлдү. Андан кийин бир нече күнгө арзандап, бирок 28-февралда кайра кымбаттады — күндүз долларды сатып алуунун орточо баасы 95 сомду түздү (айрым акча алмаштыруучу жайларда 97 сомго чыкты).
Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын куну кескин өсүп кетишин өлкөнүн негизги соода-экономикалык өнөктөшү — Орусия экени менен түшүндүрдү.
«Өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп кошумчалашты башкы финансылык жөнгө салуучудан.
Андан тышкары, Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева брифинг учурунда 24-28-февраль аралыгында доллардын өсүшү психологиялык фактордон улам болду деп билдирген.
Кыргызстандыктар долларды массалык түрдө сатып ала баштаганын экономист Нургүл Акимова дагы билдирди.
«Украинадагы окуяларга баары [...] реакция кылды. Менимче, акчаларын [сом менен] сактагандан чочулашты. […] Бул долларга болгон суроо талапты пайда кылды. [Өлкөдө] чет өлкөлүк валютага суроо-талап жогору болгон учурда, рынокто жергиликтүү валютага [сомго] суроо-талап төмөндөйт», — деп ал доллардын өсүшүнүн себебин «Клоопко» түшүндүрүп берди.
Анын пикиринде, абал турукташса да доллар буга чейинки 84-85 сом болгон абалына кайтпайт.
Долларды массалык сатып алуунун шартында Demir Bank валюталык операцияларга убактылуу чектөө киргизди. Эми бул банктын кардарлары чет өлкөлүк валютаны 50 миң сомго чейин гана сатып ала алышат.
Улуттук банктын аракеттери
Кыргызстанда 1993-жылдан бери курстук алмашуунун өзгөрүлмө режими иштеп келет. Мындай режимде чет өлкөлүк валюталардын курсунун динамикасы рыноктогу суроо-талап жана сунуштарга ылайык өзгөрүп турат. Бирок, өлкөдөгү финансыны жөнгө салуучу башкы мекеме катары Улуттук банк курстун кескин термелүүнү бир калыпка сала алат, мисалы, валюталык интервенциялар аркылуу.
Кыргызстандын улуттук банкы доллардын курсу кескин жогорулап баштагандан тартып эле алмашуу курсунун өзгөрүлмө режимин «карманууну улантарын» бир нече ирет айтып чыкты.
«Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү жана өлкөнүн келечектеги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун көлөмүнүн 6 айга чейинки аралыгын жаба алат. 26-февралга карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 млрд 768 млн долларды түздү», — деп билдиришкен Улуттук банктан 28-февралда.
Улуттук банктан тышкы финансы рыногундагы кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзүлөрүн жана көзөмөлдөй турганын, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгилешти.
24-февралда Улуттук банк ички валюталык рыноктогу абалды турукташтыруу үчүн интервенция жүргүзгөн. Анда башкы банк 13 млн долларга жакын каражат саткан. 28-февралда Улуттук банкы интервенция жүргүзгөн жок, бирок мекеменин өкүлү брифинг учурунда эгер зарылчылык жаралса Улуттук банк интервенция жүргүзүүгө даяр экенин айткан.
Доллардын курсунун өсүшү эмнелерге алып келиши мүмкүн?
Экономист Нургүл Акимованын пикиринде, доллардын айланасындагы абал Кыргызстанда баалардын өсүшүнө алып келет. Анткени, өлкө көпчүлүк товарларды импорттойт.
«[Сомдун] төлөө жөндөмүнүн жоголушунан улам импорт кымбаттайт. Башкача айтканда, биз доллар менен сатып алып жаткан импорттук товарлар сом менен кымбат болуп калат», — деп эмептейт ал.
Кыргызстандын нефтетрейдерлери жакын арада күйүүчү май кымбатташы мүмкүн экенин билдиришкен. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Канатбек Эшатовдун айтымында, доллардын баасы бир сомго көтөрүлгөндө, күйүүчү майдын баасы 60 тыйынга жогорулайт.
Эшатовдун божомолунда, жакын арада бензиндин бир литри эгер доллардын курсу 95 сом ченинде кармалып турса 8 сомго кымбатташы мүмкүн.
Кыргызстан нефт продукцияларынын көпчүлүгүн Орусиядан импорттойт.
«Эч кимди көңүл сыртында калтырбайбыз»
28-февралда Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга сомдун куну түшүп, чет элдик валюта кымбаттап жаткан шартта алтын сатып алууну сунуштаган. Ал «капиталыңыздарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар» деп кеңеш берген.
Мындан тышкары, Жапаров өлкөдө күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасы кыйла кымбаттаганын мойнуна алган.
«Мунун баары республикабызда коронавирус пандемиясынан улам, экономикабыз калыбына келе элек маалда болуп жатат [...] Эл аралык кырдаал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибизге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп жазган ал.
Анын айтымында, буга байланыштуу минкаб «каатчылыкка каршы иш-чаралардын планын иштеп чыккан».
«Бардык министрликтер тарабынан жарандарыбызга сырткы таасирлерди жумшартуу үчүн атайын чаралар көрүлөт», — деп убада кылган Жапаров.
«Ыкчам планды иштеп чыгып жатабыз, эгер баа кескин көтөрүлсө, жумшартып кеткенге аракет кылабыз. Биринчи эки-үч күндүк планда чайкоочулукту азайтып, товар ташыгандарга компенсация кылып бергенге даярбыз. Азыр мунай ташуучулар менен иштеп жатабыз. Келишимдеринин аткарылышын карайбыз, эгер каражаты жетишсиз болсо, кыска мөөнөттүү насыяларды берип, таңкыстык кылбоого аракет кылабыз», — деген экономика министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» берген маегинде.
Жапаров кайрылуусунда кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.
«Эң башкысы — азыр дүрбөлөңгө түшпөй, сабырдуу болуу [керек]. Убактылуу ар кандай кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз. Мамлекет эч кимди көңүл сыртында калтырбайт» — деген президент.
Тема боюнча окуңуз: Садыр Жапаров сом арзандап жаткандыктан элге алтын сатып алууну сунуштады