Бир катар орусиялык банктардын SWIFT банктар аралык төлөм системасынан өчүрүлүшү кыргыз банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Бул тууралуу 28-февралда Улуттук банк кабарлады.
Маалыматта өлкөнүн банктык системасы «туруктуулугун сактап» турганы айтылат.
«Кыргызстан банктары тарабынан алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөн, мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат билдирүүдө.
Башкы банктан өлкөнүн көпчүлүк коммерциялык банктары SWIFT системасына түздөн-түз же Улуттук банк аркылуу кошулганын белгилешти — бул орусиялык банктардын ушул системадан ажыратылышынан улам келип чыгуучу кесепеттерден кутулуп кетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, коммерциялык банктардын финансылык которууларды ишке ашыруу үчүн альтернативдүү каналдары бар.
Бирок 26-февралда Улуттук банк эл аралык операцияларды жүргүзүүдө Орусиянын аймагында жайгашкан процессинг борборуна «көз каранды болгон» айрым банктар бар экенин билдирген.
«Эл аралык системаларынын (Visa, Mastercard) банктык карталарын банкоматтарда жана POS-терминалдарда тейлөөдө көйгөйлөр келип чыккан учурда, Россиядагы процессинг борбору өчүрүлүшү мүмкүндүгүнөн улам, Visa жана Mastercard карталарынын ээлери-кардарлары ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында/сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ», — деп кеңеш берди Улуттук банк бардык маселелер боюнча жарандар банктардын өзүнө кайрыла аларын белгилеп.
Улуттук банктан эмгек акы долбоорлору, пенсияны, жөлөк пулдарды алуу жана өлкө бюджетинен төлөп берүүлөр үчүн колдонулган «Элкарт» төлөм системасы «штаттык режимде» иштеп жатканын белгилешти. «Элкарт» төлөм системасы байланыш каналдары катары коммуналдык кызматтардын жергиликтүү провайдерлерин колдонот.
«Улуттук төлөм системаларынын иштешине башка өлкөдө орун алган тобокелдиктердин таасир берүү деңгээли минималдуу болуп саналат», — деп кошумчалашты башкы банктан.
Улуттук банк валюталар курсу боюнча маалыматка да токтолду. Башкы банк валюталык интервенциянын жардамы менен валютанын кескин термелүүсүн бир калыпта кармай турарын билдирди.
Ошондой эле башкы банк Улуттук банктын эл аралык резерви 26-февралга карата 2 млрд 768 млн долларды түзгөнүн маалымдады. Бул өлкөнүн келечектеги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун көлөмүнүн 6 айынын ордун жабат.
«Улуттук банк тышкы финансы рынокторундагы, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзөт жана көзөмөлдөйт, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт», — деп белгилешти Улуттук банктан.
Орусияны SWIFT системасынан чыгаруу
SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunications) — бул финансылык мекемелердин дүйнөлүк кооперативи. Ал эл аралык каражат агымын камсыздаган маанилүү коммуникативдик инфраструктуранын бир бөлүгү болуп эсептелет.
SWIFT иш жүзүндө каражат которуу же сактоону ишке ашырбайт, бирок банктарды SWIFT системасынан өчүрүү өлкөгө каражат кирүүсүн жана чыгуусун токтотуп коё алат. Бул болсо өлкөдө чыныгы экономикалык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Орусиянын бир катар банктарын SWIFT’тен өчүрүү АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн Орусияга карата Украинага кол салуудан кийинки чара көрүүсү болду.
24-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо». Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.
27-февралда Украинанын ИИМи орус аскерлери бастырып киргенден бери 352 киши каза болгонун, алардын 14ү балдар экенин кабарлады. Жалпы 1684 адам жабыркаган.
Орус тараптан да курмандыктар бар. 27-февралда, «аскердик операциянын» төртүнчү күнүндө, Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага бастырып киргенден бери орус аскерлеринин арасында каза болгондор жана жарадар болгондор бар экенин расмий моюндап, бирок алардын так санын айткан жок. Ал арада Украина согуштун алгачкы үч күнүндө Орусиянын 4300гө чукул аскери каза болгонун билдирүүдө.